Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түштүк Кореянын тургуну Бакуля Раимбаева. Ал ажырашуудан кийин 2 баласы менен калганын, чет өлкөгө барып, өз бактысын кантип тапканын Turmush басылмасына айтып берди.
Мен 1989-жылы Талас шаарында жарыкка келгем. Бирок кийинчерээк Чүй облусуна көчүп барганбыз, анткени атам ошол жактан болчу. Экономика жана укук боюнча техникумду бүтүргөм. Окууну аяктагандан кийин Россияга иштөө үчүн кеттим. Кийин турмуш жолуна аттанып, эки баланын энеси болдум. Жолдошум менен 7 жыл бирге жашагандан кийин эки жолго түштүк.
Биздин никебиз гана кыйылып, жарандык абалдын актысын каттоого (ЗАГС) турган эмес болчубуз. Ошондуктан эки балам менен эч кандай колдоосуз, алиментсиз калдым. Өзүм тапкан акча айдан айга араң жетчү. Балдар чоңойгон сайын чыгымдар да көбөйдү. Өзүмө да, балдарыма да ашыкча эч нерсе алып бере алчу эмесмин. Ошондо «Мен аларга эмне бере алам? Алар кандай жашайт?» деп, балдарымдын келечеги тууралуу ойлоно баштадым. Албетте, менин жашоомду кайталашканын каалаган жокмун. Мигрант болбой, өз алдынча жашап, каалаган иши менен алектенгенин тилендим.
Кореяга келип, аллергиялык исиркектерим толугу менен жоголду
Ошентип, визасыз барса боло турган өлкөлөрдү издей баштадым. Мен Россиянын жаранымын, мындан улам визасыз өлкө табуу бир аз жеңилирээк болчу. Бардык туристтик агенттиктерге чалып чыктым. Жараткандын каалоосу менен — Түштүк Кореяга билет бар деп калышты. Дал ошол учурда мен ооруп жүрчүмүн — күчтүү аллергиям болгон. Дарыгерим мага климатты алмаштырууну, туздуу аба бар жерге (деңизге жакын) барууну сунуштаган. Ошондо мен Жараткан көрсөткөн жол менен кетишим керек деген чечимге келдим.
2018-жылы Кореяга келдим. 3 күндүн ичинде аллергиялык исиркектерим толугу менен жоголду. Ошондо эле калуу тууралуу чечим кабыл алдым.
Корей жигити менен таанышуу жана баш кошуу
Мен Американын Чикаго штатында 14 жыл жашаган кореялык жаранга турмушка чыккам. Биздин бир кызыбыз бар. Күйөөмдүн үч жогорку билими бар — ал англис тилинин мугалими, бизнес башкаруу адиси жана программист. Бирок азыр ашпозчу болуп иштейт.
Биз күйөөм менен “көрбөй таанышуу” (свидание вслепую) аркылуу таанышканбыз. Бул — эки адам бири-бирин алдын ала тааныбастан, жөн гана кофе ичип отуруп таанышкан учур. Бул таанышуу жумушка кабыл алуу маегине окшош. Биринчи жолу жолукканда эле «Кандай үй-бүлө каалайсың? Кандай мамилелерди күтөсүң?» деген сыяктуу үй-бүлө тууралуу суроолор болду. Мен «аял баарын кылышы керек» деген түшүнүк мага жакпасын айттым. Ал да өз талаптарын айтты. Ошентип, экинчи жолу жолукканбыз, анан үчүнчү жолугушуу болду.
Эмне үчүн аны тандап, макул болдум? Себеби үй-бүлөлүү болуп көргөн соң түшүнөсүң: үй-бүлөлүк жашоо — бул жөн гана эки адамдын мамилеси эмес, өз ара түшүнүү жана урмат-сый. Бул урмат-сый сенин өзүңө гана эмес, ата-энеңе карата да болушу керек.
Ал менин балдарымды кабыл алып, жакшы мамиле кылды. Биз таанышкандан кийин мен Кыргызстанга барып келгем. Ошондо ал менин апама, балдарыма белек алып берген. Өзүмө болсо жөн гана кофе алып берген. Бул мага абдан жаккан. Азыркыга чейин ал балдарга өтө аяр мамиле кылат, ал тургай анын ата-энеси да аларга жылуу мамиле жасашат.
Башка менталитеттен улам кыйынчылыктар жана күлкүлүү окуялар көп болду
Башында абдан кыйын болду — тилди түшүнбөгөндүктөн, менталитеттин айырмасынан, тамак-аштан. Алгач келгенде ак күрүчтөн башка эч нерсе жечү эмесмин. Менталитеттен улам турмушка чыккандан кийин көп күлкүлүү жагдайлар болду. Күйөөмдүн үй-бүлөсү Чесон доорундагы (падышалар менен ханышалар жашаган мезгил) убакытта жашагандай эле жашашат. Тактап айтканда, күйөөмдүн үй-бүлөсүндө 32 же 33 муун ата-бабалары жазылган өзүнчө китеп бар. Алар салт-санааны абдан катуу карманышат. Мындай үй-бүлөдө чет элдик келин — бул чоң окуя.
Күндөрдүн биринде күйөөм экөөбүз анын апасы тараптан болгон корейче тажияга бардык. Ал жактагы туугандары күйөөмдүн россиялык жаран менен үйлөнгөнүн угушкан экен. Менин Россиянын жарандыгым бар болгондуктан, алар мени ак саргыл чачтуу (блондинка) деп элестетип алышкан. Ошондо күйөөм менен шыбырашып: «Качан ажырашканга жетиштиң? Эмне үчүн жаныңа кореялык кызды ээрчитип алдың?» деп кобурашып сүйлөшүп жатышыптыр... Эгер мен корейче сүйлөбөсөм, мени корей кыз деп ойлошот.
Кореялыктар салт-санааны абдан бекем карманышат. Бул жерде болгону эки чоң майрам бар жана бул майрамдар сөзсүз ата-эне менен чогуу белгиленет. Балдар кайсы жерде болбосун ата-энесинин үйүнө чогулушат, чогуу тамак жасап ичишет, бирге убакыт өткөрүшөт, бул абдан керемет деп ойлойм.
Кореялыктар балдарынан өзүнчө жашаганды туура көрүшөт.
Биздин чоң апабыз (күйөөмдүн чоң энеси) азыр 107 жашта. Көрсө, ал 70 жашка чыкканда эле башка шаарга көчүп кетиптир — жалгыз, тынч жашаш үчүн. Алардын түшүнүгүндө, эгер балдарың менен жашасаң, тышкы факторлорго байланасың, уулуңдун, келиниңдин, неберелердин маанайын байкап, ага жараша реакция кылып, түйшүк тартасың. Бул үй-бүлө ичинде «анти атмосфераны» жаратып, стресс берет деп ойлошот. Ошондуктан тынч жашоо үчүн алар тынч айылдарга же шаарлардын четине көчүп кетишет.
Азыр чоң апабыз кичүү кызы менен жашайт. Мамлекет тарабынан ага багуучу, үй жыйноочу кызматкерлер бекер берилип, дайыма көзөмөлдө турушат. Бул жакта баары адамдар үчүн жасалган. Жада калса бардык жерде даараткана бекер. Бул жакта кыргыздар абдан көп. Эгер кандайдыр бир окуя болсо, майрамдарда же тажияларда чогулуп турушат.
Алар ыраазычылыгын билдирип, жооп кайтарганды жакшы билишет. Улгайып калган адамдар үйдө отуруп алып келиндерге буйрук бербей, тескерисинче активдүү жашашат. Менин кайненем анын үйүндө идиш жуушума же тазалык иштерин кылышыма жол бербейт. Ал: «Ар бир кыймыл — бул спорт, менин ден соолугум үчүн пайдалуу. Эгер сен баарын жасап салсаң, мен эч нерсе менен алектенбей калам. Бош отуруп алып, ар кандай ойлорго батып, өзүмө өзүм ар нерсени ойлоп таап, ооруй баштайм. Ал эми жумуш болсо, көңүлдү башка нерсеге бурат» деп айтат.
Корей эли биринчи кезекте өздөрүнөн мурда башкаларды ойлошот
Мисалы, көп кабаттуу үйлөрдө үн чыгарбоого аракет кылышат. Бул үчүн кимдир-бирөө даттанып же тыюу салышат деп эмес, жөн гана коңшунун жашоо тартибин билишпейт. Балким, ал түндө иштейт, ал эми биз ызы-чуу кылсак, эс ала албай калат деген ойдо болушат. Ошондуктан алар отургучтардын учуна жылдырганда үн чыкпашы үчүн атайын байпактарды сатып алышат
Эң биринчи көзгө урунарлык нерсе — бул иш берүүчүнүн мамилеси. Эгер жакшы иштесең, сөзсүз бонустарды беришет. Эгер көп иштегениңди көрүшсө, кафеге эт жегени чакырышат, түштөнүү жана жумушка чейин жеткирүү акысыз камсыздалат. Эгер мекениңе бара турган болсоң, белектерди беришет.
Бул жакта адамдар бири-бирине конокко бара беришпейт. Эгер бирөөнүн үйүнө баргысы келсе, алдын ала чалып кабарлашат. Анткени алар сенин артынан кимдир бирөө түйшүк тартканын, иш кылып чарчаганын каалашпайт. Жолугушууларды эки тарапка тең ыңгайлуу болгон нейтралдуу жерде өткөрүүнү жактырышат. Жада калса ата-эненин үйүнө барарда да алдын ала айтып коюшат.
Тил билбегендиктен көп кыйынчылыктарга дуушар болдум
Бул жакка биринчи жолу келгенимде тил билбегендиктен жоголуп кеткем. Себеби бул жактагы шаарлар, райондор бири-бирине абдан окшош. Ар бир шаарда окшош кафелер, дүкөндөр бар. Бул окуя февралдын аягында болгон, абдан суук, түнкү саат 01:00 чамасы, жеңил кийинген элем. Бардык жактар иштебей, ыйлап киргем. Бир маалда көчөдө кафе жакта турган эки жигитти көрүп калдым. Жанына барып, уюлдук телефондогу котормочу аркылуу жоголуп кеткенимди айттым. Алар алгач мени кафеге киргизишти. Өздөрү жакындашпай, кафе кожойкесин жана иштеген кыздарды чакырышты.
Алар менин жаныма келип, сооротуп башташты. Үстүмө жылуу одеял берип, жылуу суу сунушту, тамак сунушташты — мен баш тарттым. Анан мен тынчтанып калгандан кийин, алар: «кайсы дүкөн бар эле, эмнелерди көрдүң?» деп сурай башташты. Мен айткан нерселердин баары ошол эле райондо болуп чыкты. Акырында эстегеним, үйүмдүн жанында базар бар эле. Көрсө, мен жашаган райондо базар бар экен, ал эми бул райондо жок экен. Алар: «Сен кошуна райондо жашайт экенсиң» деп, такси чакырып, үйүмө салып жиберишти. Менден телефон номурумду алып, үйгө жеткенде жазып коюумду өтүнүштү. Эртеси күнү алар мага байланышып, мени көчөгө чыгышымды суранышты. Анан мени үйүмө жакын жайгашкан китепканага алып барышты. Колума китеп, калем жана дептер беришип, «Эгер бул жерде жашайм десең, оку» дешти. Бул жалгыз эле мисал эмес. Мен жумуш менен камсыздоо борборуна барып жүрчүмүн. Тил билбегеним жана тажрыйбам жок болгондуктан, күн сайын ишке чыга албай кыйналчумун. Ошондо ошол борбордун жетекчиси мени күндө тамактандырып турчу.
Чет элдиктер үчүн түзүлгөн шарттар
Мурда иштеп жүргөндө жөн гана мигрант болчумун, ал эми азыр кореялык жаранга турмушка чыккан аялмын. Кореянын башка жагын көрүп жатам. Чет элдиктер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айткым келет. Бул жерде атайын үй-бүлөлүк борборлор бар, анда мамлекет корей тилин үйрөтүүнү акысыз уюштурат. Эгер чет элдиктерде расмий виза болсо, анда балдарын 3 жаштан баштап бала бакчага акысыз берип, кийин мектепке да акысыз киргизсе болот. Мектеп үчүн керектүү кеңселик буюмдар да мамлекет тарабынан акысыз берилет. Китептер, тамак-аш — баары мамлекеттин эсебинен камсыздалат.
Дагы бир жакшы жагы — улуу балдарым Кореяга келгенде бизге орус тилин билген мугалим дайындашкан. Ал мугалим алар менен кошо мектепке барып, сабак учурунда которуп, жардам берип жүрдү. Балдарым корей тилин өздөштүргөндөн кийин мектепке коштоп барбай калган. Бирок ошол мугалим баары бир үйгө келип, күнүгө 2–3 сааттан балдарга сабак өтүп, мектеп программасы боюнча билим берип турат.
Алдыга коюлган ой-максаттар
Ал эми менин ата-энем тууралуу айтсам, күйөөм апамды, бир тууган инимди үй-бүлөсү менен, карындашымды үй-бүлөсү менен бул жакка чакырды. Себеби мен кыйналбасын, сагынбасын деди. Азыр баары өз үй-бүлөлөрү менен бул жакта жашап, иштеп жатышат.
Менде бул жакта бош убакыт такыр жок. Жада калса курбума баруу алдын ала пландалышы керек. Ар бир мүнөтүң белгиленген.
Келечекке болгон пландарым — корейлер саякаттоону жакшы көрүшөт. Ошондуктан мен ушул тармакта Кыргызстан менен биргеликте иш алып баргым келет. Биздин Кыргызстанда абдан кооз жерлер көп — тоолор, жаратылыш, тамак-аштын баары табигый. Ошондуктан мен туристтик топторду өзүм коштоп жүрүп, Кыргызстан боюнча турларды ачкым келет.