Turmush — Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындарынын алгачкы «Жашыл аалам» фестивалынын лауреаттары жана дипломанттарынын ысымдары белгилүү болду.
Бул ирет Ош шаарында уюштурулган саамалык көрүнүктүү кыргыз акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналды.
Иш-чаранын биринчи күнү — 28-майда алгач акындын айкели салтанаттуу түрдө ачылып, андан соң жети өлкөдөн (Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан) тандалып алынган 48 жашка чейинки 31 жаш акын «Отту сүйөм» аттуу поэзия кечесинде өз чыгармаларын окуп беришти. Кечинде фестиваль «Жашыл аалам» деген аталыштагы эркин поэзия кечеси менен уланды. Ал шаар четиндеги ачык асман алдында өттү.
29-майда фестивалдын алкагында «Түрк дүйнөсүндөгү көркөм котормо маселелери» деген темада атайын талкуу уюштурулду. Анда акыркы жылдары ТҮРКСОЙ тарабынан жүргүзүлүп жаткан котормо иштери, жарык көргөн чыгармалар жана басылып чыккан китептер тууралуу маалыматтар айтылды. Талкууга катышкан көрүнүктүү жазуучулар, акындар жана котормочулар бул фестивалдын катышуучулары түрк тилдүү элдердин адабиятынын келечеги экенин белгилешти.
Фестивалды салтанаттуу жабуу аземи С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында уюштурулуп, анда жеңүүчүлөр менен алдыңкы катышуучулардын ысымдары кыргыз, түрк жана англис тилдеринде жарыяланды.
Жолон Мамытов атындагы I «Жашыл аалам» поэзия фестивалынын лауреаттары:
- Айшан Рахимова (Азербайжан);
- Надир Ялчын (Азербайжан);
- Фарид Хусейинов (Азербайжан);
- Арпад Колар (Венгрия);
- Матьёш Регёш (Венгрия);
- Арайлым Мураталиева (Казакстан);
- Мэрей Карт (Казакстан);
- Элмира Эскожоева (Казакстан);
- Севги Демирчи (Түркия);
- Юнус Карадаг (Түркия);
- Муххаммед Бекдиев (Түркмөнстан);
- Даанатар Галпаков (Түркмөнстан);
- Масхулох Мадаминов (Өзбекстан);
- Шоди Атамуратов (Өзбекстан);
- Хулкар Шерзодова (Өзбекстан);
- Нуриза Өмүрбаева (Кыргызстан);
- Бердибек Жамгырчиев (Кыргызстан);
- Нарсулуу Гургубаева (Кыргызстан);
Фестивалдын дипломанттары:
- Интихом Йашар (Азербайжан);
- Ерик Нарын (Казакстан);
- Өмүртай Эдилхан уулу (Казакстан);
- Дадахон Мухаммадиев (Өзбекстан);
- Эркинжан Хожоматов (Өзбекстан);
- Ниятоли Элбек (Өзбекстан);
- Файоз Яхёхон (Өзбекстан);
- Максат Жангазиев (Кыргызстан);
- Ибрагим Айып уулу (Кыргызстан);
- Садыр Турдубек уулу (Кыргызстан);
- Айзат Кудайберди кызы (Кыргызстан);
- Гүлүмкан Исаева (Кыргызстан).
Бул фестиваль түрк дүйнөсүндөгү адабий байланыштарды чыңдап, жаш акындар үчүн эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуунун жана чыгармачылык шыктын өзгөчө аянтчасы болуп калды.
Саамалыктын уюштуруучусу — ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев: «Жашоонун бардык жолу поэзия менен тыгыз байланышкан» деп белгилеп, жаш акындардын бул фестивалы мындан кийинки жылдары түрк элдеринде кезектешип өткөрүлөрүн билдирди.
«Жашыл аалам» фестивалына калыс жана ардактуу коноктор катары түрк өлкөлөрүнүн белгилүү классик акын-жазуучулары, жазуучулар союздарынын төрагалары жана алардын орун басарлары, министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, шаар тургундары жана меймандар күбө болушту.