Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Айдана Алмазбекова. Ал Сауд Арабиянын Жидда шаарында жашап, борт коштоочу (стюардесса) болуп эмгектенип жатканын, өзгө элде аны таң калтырган нерселер жана алдыга койгон ой-максаттары менен Turmush басылмасына бөлүштү.
Мен 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарыкка келгем. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин орус филологиясы жана чет тилдер факультетин аяктагам. Кесибим — англис тили мугалими.
2024-жылы Бишкек шаарында борт коштоочу кызматы үчүн тандоо болуп өткөн. Ал жакка барууга Айдана аттуу курбум себепчи болгон. Айдана мага: "тапшырып көр, сенин колуңдан келет" деп, чоң түрткү берди. Биринчи турда англис тилиин билүү деңгээлибизди текшеришти. Экинчи турда катышуучуларды топторго бөлүп, биздин башкалар менен кантип баарлаша аларыбызды, командалык духту жана өз ара түшүнүшүү жөндөмүбүздү байкашты. Өзүңдү башкалардан жогору койбостон аларды угуп, бир команда болуп иштей билүү абдан маанилүү экенин түшүндүм. Ар бир турдан өткөн сайын толкундануу менен кубанып жаттым. Акырында, тандоодон өткөндөрдү өзүнчө чакырышты. Калгандарга "кийинкиде аракет кылыңыздар" деп сыпайы узатышты. Ошентип, иштей баштаганыма 1 жылга жакындап калды.
Мени бул жакта таң калтырганы — махрдын кымбаттыгы
Бул жактын эли абдан меймандос жана кичи пейил. Кыргыздардай эле, берейин деп турушат. Жардам сурасаң, эч качан жок деп айтышпайт. Жол эрежелерин так сакташат, айдоочулар тартиптүү. Эл бийликке аралашпайт, ар ким өзүнүн иши менен алек. Бизде болсо саясий темада ачык сүйлөшүү кадимки көрүнүш да. Бул жакта ар ким өзүнүн жумушун унчукпай эле аткарып жүрө берет. Банкка барганда кезек узун болсо да, эч ким шашпайт, эли өтө сабырдуу. Жалпысынан калк маданияттуу жана токтоо.
Мени бул жакта таң калтырганы — кызга берилчү махрдын кымбаттыгы. Үйлөнүү үлпөтүнө абдан көп каражат кетет экен. Сауд Арабияда махрдын баасы орточо эсеп менен 20 000–25 000 доллардын тегерегинде болот (болжол менен 2.19 миллион сом). Ал эми үйлөнүү үлпөтүнө кеткен чыгымдар дагы андан кем калбайт — тойго орточо 30 000–35 000 доллар (болжол менен 3 миллион сом) сарпталышы мүмкүн. Кээ бир учурларда үйлөнүү үлпөтүнүн чыгымдары 50 000 – 100 000 долларга чейин, ал тургай андан да көп болушу мүмкүн. Айрыкча той элиталык мейманканаларда өткөрүлүп, белгилүү ырчылар катышып, коноктордун саны 500дөн 1000ге чейин жетсе, чыгымдар кескин өсөт.
Жумуш учурунда болгон күлкүлүү окуялар
Жүргүнчүлөр жаңыдан учакка кирип жатышкан. Бир киши мага келип, тынчысыздана: «өзүмдү жаман сезип жатам, дарыңар барбы? деп сурады. Мен: «тилекке каршы, биз жүргүнчүлөргө дары бере албайбыз. Эгер чындап эле өзүңүздү жаман сезсеңиз, анда сизди учактан түшүрүп, билетиңизди башка күнгө которуп беребиз. Айыгып туруп гана уча аласыз» деп сыпайы түрдө жооп бердим.
Ошондо ал киши дароо: «жоок-жоок, мен жакшы элемин, баары сонун» деп, кайра эле шайдоот болуп калды. Бул окуя азыр да эстеген сайын жылмаюу тартуулайт.
Мекендештер жана үй-бүлө жөнүндө
Сауд Арабияда жашап жатканыма карабастан, мекендештер менен байланышты үзбөйм. Биздин кыргыздардан турган өзүнчө тайпабыз бар. Бири-бирибизге жардам берип, колдоп келебиз. Кээде кыргыздын улуттук тамактарын жасап, бири-бирибизди конокко чакырып, алаксытып, маанай көтөрүп турабыз.
Мен өзүм көп бир туугандын арасында чоңойгон бактылуу адаммын. Ата-энем эки жолго түшкөндүктөн, 5 жашыма чейин таежемдин үйүндө жашагам. Ал жерде мени менен кошо чоңойгон эки эжем, бир сиңдим жана бир иним бар. Кийин өз апам мени өзүнө алып кетип, мен 11-класста окуп жүргөнүмдө апам мага дагы бир сиңди тартуулады. Азыр ал кичинекей, жанымдай көргөн сиңдим. Атам тараптан дагы үч сиңдим жана бир иним бар. Алардын ар биринин менин жүрөгүмдө өзүнө гана таандык өзгөчө орду бар.
Алдыга койгон ой-максаттар тууралуу
Менин кыялым — бактылуу жубай болуу жана Кыргызстанга кайтып келип, кайрымдуулук иштерине аралашуу. Айрыкча ата-энеси жок балдарга жардам берип, алардын жүрөгүнө үмүт жана мээрим тартуулаган тарбиялык долбоорлорду ишке ашырууну каалайм.
Балдар үйүндөгү бөбөктөр үчүн “мээримдүү эже” болуу — мен үчүн чоң бакыт. Жөн гана материалдык жардам эмес, алардын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулоону, турмушта сүйүү жана ишеним бар экенин сездирүүнү эңсейм.