Turmush — «Жалал-Абад» санаторийинде минералдуу суу кошулган жайкы бассейн ачылды. Бул тууралуу санаторийдин жетекчиси Рамис Каимов билдирди.
Анын айтымында, анын узундугу 25 метрди, туурасы 12 метрди түзөт.
«Менимче Жалал-Абадда минералдык суу кошулган ачык бассейн биринчи жолу ачылып жатат. Бизге келген эс алуучулар үчүн жабык типтеги бассейнибилз бар. Бул жайкы туризмди эске алуу менен санаториянын дарылануучуларына эле эмес шаар тургундары жана конокторуна шарттар жаратылды. Минерал суу кан айланууну жакшыртып, денени минералдык элементтер менен камсыздап турат. Бул ден соолукка чоң пайда алып келет. Бассейн суусунун 30% минералдык суу түзөт», - деди ал.
Жаш балдар үчүн да чакан бассейин эске алынган. Андагы жайды бүтөрүүгө жалпы 6,5 миллион сом жумшалган. Чоңдор үчүн бир адамга 400 сом, жаш балдарга 200 сомдон баа коюлган.
Бассейндин ачылышы аземине президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнис Ормоков баш болгон жетекчилер катышты.
Санаторий президенттин иш башкармалыгына караштуу «Санаториялык-курорттук, ден соолукту чындоочу жана туристтик обьекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция» мекемесине карайт. Ал 39 гектарга жакын аянтты ээлейт. Санаторийде 6 А-фрейм үй пайдаланууга берилген. Былтыркы жылы 13 миңден ашуун эс алуучу келген.