Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу 29.01.2014 14:24

Ысык-Көлдө «Манас» жылына карата бир топ маданий иш-чараларды өткөрүү бекитилди

Turmush -  Үстүбүздөгү жыл Ысык-Көл облусу үчүн областтык жана республикалык деңгээлде өтө турган маданий иш-чараларга бай, өзгөчө жылдардын бири болот, деп билдирет өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

«Себеби, быйыл Ысык-Көл облусу манасчылардын юбилейлик жылына туш келип отурат», - деп белгилейт өкүлчүлүк.

Үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл облусу «Манас» эпосун дүйнөгө тааныткан жана аны даңазалап, кийинки муундарга мурас кылып өткөргөн белгилүү манасчылардын Саякбай Карала уулунун устаты, атактуу манасчы Шаабай Азиз уулунун чоң атасы тарыхый манасчы Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгын, белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгын, манасчы Каба-Атабек уулунун 90 жылдыгын жана Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгын өткөрүү боюнчаюбилейлик иш-чараларына бай болгондуктан, алгачкы иш-чараны эл Манас атанын осуяттарын жолдоп жүрсүн деген максатта 2014-жылдын 1-февралындасаат 11:00дө Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы музыкалык-драматеатрындаШаабай Азизовдун «Манас» үчилтиги боюнча жарык көргөн китебинин бет ачаары облустагы «Манас» жылынын башаты катары алгачкы иш-чара катары өткөрүлмөкчү.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, шаар мэрлери, райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн башчылары, музейлердин, китепканалардын, музыкалык мектептердин, маданият үйлөрүнүн жетекчилери жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышышат.

Кошумчалай кетсек, мындан сырткары быйыл Ысык-Көл облусунун 75-жылдыгы, Каракол шаарынын 145 жылдыгы белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×