Turmush — Таластык 47 жаштагы логопед Илимкалый Алиев балдардын тили кеч чыгышынын себептери тууралуу айтып берди. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Илимкалый Алиев Талас районунун Чат-Базар айылында туулган.
«Учурда Талас шаарында жашайбыз. 1996-2001-жылга чейин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин олигофренопедагог, дефектолог – логопед бөлүмүн аяктагам. Мурда Ишеналы Арабаева атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дарылоочу педагогика жана атайын психология институту ачылган. Ал жерде психология кафедрасында билим алгам.
Логопедия — негизи сүйлөө жагына тил өнүгүү бузууларын изилдөөчү илим болуп эсептелет. Педагогика, психология, лингвистика жана медицинага тыгыз байланышкан илим. Анын максаты — сүйлөө кемчиктерин аныктоо жана классификациялоо, оңдоо, коррекциялоо ыкмаларын иштеп чыгуу. Ошондой эле алдын алуучу чараларды өстүрүү, туура сүйлөөнү калыптандыруу болот. Негизинен сүйлөө бузуулардын классификациясында фанетикалык бузулуулар деп айтылат. Бул тыбыштарды туура айта албайт, үндөрдү айырмалай албагандарды фонематикалык бузууларга киргизебиз. Сүйлөө темпинин бузулушу, афазия мээ жаракатынан улам сүйлөө жоголгон учурлар, дизартрия сүйлөө методикасынын бузулушу бар.
Диагноз койгон учурда адис күчтүү болсо, баланын өнүгүү этабынан, тарыхын талдап эле шыр аныктап коё алат. Коррекциялык иштерде бир балага жекече көнүгүүлөр, ал эми кээ бир балага топ менен иштөө жакшы жыйынтык берет. Ар кандай угуу көнүгүүлөрү туура колдонулса, балада туура сүйлөөдө өнүгүү бат болот.
Азыркы учурда тил өнүгүүсүнүн бузулуусу жаш балдар арасында абдан көп. Ар бир жаш куракка жараша, тыбыштар туура аталышы шарт. Азыркы учурда техника өнүгүүсүнө байланыштуу баланы 3 айынан баштап, мультфильм көрсөтүп, жаткырып коюшат. Ал бала дүйнө тааныган учурда баягы телефонго, экрандагы түстүү мультфильмдерге көнүп, баланын сүйлөөсү гана эмес, өзүнүн жаш курагына тийиштүү мээсинин өнүгүүсү дагы кеч болуп, же такыр эле артта калып калган учурлар байкалууда. Балдар менен башынан ата-эне иш алып барыш керек. Алар менен ойноо, баарлашуу, дүйнөнү алгач ата-эне таанытуусу керек. "Тирилик деп балдарды унутпайлы" деп ар дайым айтып келем», - дейт Илимкалый мырза.
Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшө кетти.
«Тажрыйбамда бир бала болду. 2 жаштан өтүп калган. Бала 1 жашынан тарта жеке бакчага барат экен. Ата-энеси жумушта. 1 жашында "ата-апа" деп сүйлөп, атын чакырса карап калган экен. Бакчага баргандан кийин жарым жылдан соң апасы баласы эч кандай сөз айтпай калганын байкайт. Атын айтып чакырса карабайт. Башка балдарга салыштырмалуу сөздү түшүнүү деген жок. Анан изилдеп көрсөк баланы бакчага кийинтип жатканда мультфильм коюп коет экен. Бакчада дагы эртеден кечке мультфильм көрүшөт. Кайра үйгө келгенде тамак жасайм деп, дагы деле мультфильм коет экен. Ошентип бала 1 жаш 8 ай болгондо кайрылышты. Мен "мультфильм көрсөтпөңүз, бул бир гана сиздин колуңузда" деп кеңеш бердим. Башында улам убактысын азайтып, анан такыр эле мультфильм көрсөтпөй калды. Балдар менен чыгарып ойнотуп, апасы дагы, атасы дагы баласы менен ойноп, улам сүйлөшүп аракет кылышты. Бала менен иштешкенден кийин 2 ай аралыгында кадыресе жылыш болду. Бала кайрадан 3 тамгадан турган сөздөрдү айтып, сөзгө түшүнүп, атынан чакырса келип калды. Азыр өзү менен тең курактуу балдардай болуп, өнүгүү бар», - деди ал.
Жубайы экөө 6 баланын ата-энеси.
Иш тажрыйбасы:
- 2000-жылы Бишкек шаарындагы №57 бала бакчада логопед;
- 2002-жылы Кум-Арык көмөкчү мектеп интернатында тарбиячы, логопед;
- 2002-2006-жылдары жеке ишкердик;
- 2006-жылы Талас жардамчы мектеп интернатында логопед, психолог;
- 2007-2009-жылдары Жатак-мектепте чарба иштери боюнча директордун орун басары;
- 2009-2010-жылдары Жатак-мектепте ага тарбиячы;
- 2010-2011-жылдары А.Оторбаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими;
- 2011-2013-жылдары «Нур Бала» коомдук бирикмесинде консультант-логопед;
- 2012-2013-жылдары Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти;
- 2014-2019-жылдары №17 «Баластан» бала бакчасында логопед;
- 2019-жылдан ушул күнгө чейин Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебинин директору кызмат ордун аркалап келет.