Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургундары Молдалы Ажыкулов менен казак кызы Хорлан Бексыргаева. Баш кошуп, бактылуу үй-бүлө кургандарына 43 жыл болгон жубайлар Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Молдалы Ажыкулов 1958-жылы Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында төрөлгөн.
«Ушул айылдагы мектепте 10-классты окуп, Караколдогу педогогикалык окуу жайдан билим алгандан кийин айылымдагы мектепте мугалим болуп иштедим. Ортодо аскердик милдетимди дагы аткарып келдим.
Ошол окуу жайда окуп жүргөндө автобуста көп студенттин арасынан биринин колунан домбураны көрүп калдым. Ким кармап келе жатканын деле баамдабай, домбураны кызыгып карадым. Бетинде "Катюша" деген жазуусу бар экен. Ошондо домбураны биринчи көрүшүм.
Биздин факультет үстүнкү кабатта, физика жана башкадан окууган кыздар төмөнкү кабатта окушчу. Бир күнү ылдыйкы кабаттан баягы домбуранын үнү чыгып калды. Кызыкканыбыздан бир топ студент ылдыйкы кабатка түштүк. Домбуранын үнү чыккан кабинетке кирсек, менин болочоктогу жубайым чертип отурат. Домбураны карасам, баягы "Катюша" деген жазуусу бар домбура экен. А ушул кыздын домбурасы тарбайбы деп койдум. Чертип бүткөндөн кийин мен аны отургузуп сүрөтүн тартмай болдум. Биз ошол багытта билим алып, натура деп коебуз да, ошондой кылып көп тартчубуз. Домбурачан кызды сүрөткө тартып жатып, аябай жакшы көрүп калдым. Махабат отубуз ошондо жанса керек, ал дагы мени жакшы көрүп калыптыр. Ошентип экөөбүз 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк», - деди Молдоалы мырза.
Ал эми Хорлан Бексыргаева 1960-жылы Алматы облусунун Кеген районунда жарык дүйнөгө келген.
«10-классты аяктагандан соң, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мамлекеттик педогогикалык инстуттун физика факултетине тапшырдым. Анда 1978-жыл болчу. Жолдошум айткандай экөөбүз таанышып, бири-бирибизди сүйүп анан 1982-жылы баш коштук. 2 уул, 2 кыздуу жана 8 неберелүү болдук. Уул-кыздарыбыздын баары жогоркуу билимдүү болуп, ар бири өз кесиби менен эмгектенип жатышат.
Биздин үйлөнүү үлпөт той жөнөкөй өттү. Ал кезде азыркыдай чоң той деле өтчү эмес. Айылдан чакан той өткөрдүк. Эки элдин салт-санаасы бирдей эле болот эмеспи. Ата-энелерибиз таанышып, жакшы куда сөөк болушту. Кыргыз элиме, кайын ата, кайын энеме, туугандарыма ыраазчылык билдиргим келет. Кайын атам, кайын апам өтүп кетти. Абдан жакшы кишилер болчу. Менин төркүндөрүмдү да жакшы кабыл алып сыйлашып, жакшы мамиледе болушту. Кыргыз элиме чоң рахмат», - деди ал.
Молдалы Ажыкуловдун айтымында, жубайы 10 жылдай директордун орун басары болгон.
«Жубайым 1983-жылы институтту бүтүп келип Сокулуктагы Октябрь мектебинде мугалим болуп иштеп жүрүп, 10 жылдай директордун орун басары болду. Балдарыбыз 10-классты аяктаганда аларды окутушубуз керек болду. Айлыгыбыз чынында жетмек эмес. Анан аргасыздан Казакстандын Алматы шаарына барып иштеп келдик. Ал жактан бизди жакшы кабыл алышты.
2002-жылдан 2022-жылга чейин №15 мектепте мен ИЗО черчениеден, жубайым физика-информатика сабагынан мугалим болуп, бир топ ийгиликтерге жетиштик. Казакстандагы кирип жаткан 12 жылдык программаны түзүүдө жубайымдын салымы дагы бар. Ал Астанада мугалимдердин конференциясына чакырылып, жаңы түзүлгөн Коноев атындагы №1 орденди тагынды. Бул абдан сыймыктана турган нерсе. Жаңы түзүлгөн наамдын эң алгачкысын жубайым алды. Мектепте мыкты мугалим болгону үчүн Казактандын "Улагатты устаз" төш белгиси менен сыйланды. Азыр Сокулуктагы №4 мектепте физика сабагынан сабак берип жатат.
Айтмакчы, Казактанда жүргөндө айыл өкмөттөн келип, "сизге үй таппай койдук, каалаган жерден жер тилке берели, тандап алыңыз" деп калды. Анан мен тандап көрүп, мектептин жанынан сурадым. Ошондо бизге 50 сотых жер бөлүп беришти. Бакчанын аягынан мектепке барып иштеп, ошол жерде жакшы күндөрдү өткөрдүк», - деди ал.
Хорлан Бексыргаеванын айтымында, жолдошу мыкты сүрөтчү.
«Жолдошум Молдалы учурда "Таң чолпону" деген таланттуу балдардын борборунда иштеп атат. Өзү мыкты, эмгеги сиңген сүрөтчү. Бишкекте "Аалам" гезитинде сүрөтчү-редактор болуп иштеген. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дагы мугалим болду. "Бриллиант жылан", "Кыз кербез", "Министрдин кызынын махабаты" аттуу жана башка китептердин мукабасынын жана башка сүрөттөрүн тартып, иллюстрациялаган. Сүрөтчүлүк өнөр тубаса, бала кезинен бар. Өнөрүнүн арты менен бир канча дипломдорду, медалдарды алды. Казакстандан "Евразия сүрөтчү дизайнер" наамы менен сыйланган. "Дүйнө экологиясы" аттуу дүйнөлүк сынакта бир окуучусу алтын медаль алып, өзү да сыйланган.
Экөөбүздүн бактылуу үй-бүлө куруп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкендигибиз бул ортодогу жылуу сезим, махабат, бири-бирибизди түшүнүп, көтөрүп, сыйлаганыбыз менен жетиштик деп ойлойм», - деди ал.