Turmush — Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылынын тургуну — фермер Калыйбай Саралаев арашан багытындагы койлорду багып жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ага жолугуп, чарбасы менен таанышты.
Калыйбай Саралаев 1972-жылы 11-январда Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 3 баланын атасы. 2 кызы турмушка чыккан. Кыздардын улуусу Роза Калыйбаева жолдошу менен Москвада мигрант. Экинчи кызы Малина И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мугалим болуп иштейт. Уулу Эмир Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алып, азыр Улуттук банктын кызматкери. Калыйбай Саралаев биринчи жана үчүнчү Элдик Курултайдын делегаты болгон.
Төрт жыл мурун Калыйбай Саралаев койлордун сапатын арттыруу максатында арашан багытындагы койлорду бага баштаган. Ал буга чейин 150 чарба коюн багып жүргөн. Койдун сапатын арттыруу максатында акырындап, арашан койлорун көбөйтө баштаган. Учурда койлордун саны 20га жетти. Ал койлордун артыкчылыгы тууралуу буларга токтолду.
«Мурда 150 кой бакчумун. Ал койлорду тоюттандыруу, кармоо көп түйшүктү жаратчу. Сатсаң кээде баасы чыгымын жаппай, арзан болуп калат. 4 жылдан бери койлордун санына эмес сапатына, асылдуулугуна көңүл бура баштадым. Койлорго арашан багытындагы кочкор кошуп, асылдандыра баштадым. Былтыр жети айлык "Рыжик" деген кочкорду 100 миң сомго сатып келдим. Арашан багытындагы койлор көп учурда эгиз төлдөйт. Азыр 11 коюм тууса, анын төртөө эгиз төлдөдү. Эгиз тууган койлорго тоютту көбүрөөк берүү керек. Азыр эле эркек козуларга суроо талаптар түшүп калды. Арашан кой сүттүү да болот. Козусун эмизгенде тарта-тарта эмизип, койду саап турбаса, козусу сиңире албай калат экен. Уузга ууланып, жумуруна сиңбей катып калып, былтыр эки козуну өлтүрүп алдым. Жубайым саалган сүттү балдарга ууз кылып, бышырып берет.
Берки койлордун козусу базарда 7000-8000 сомдон сатылса, арашан козуну кеминде 25000 сомдон сатасың. Азырынча экинчи топтогу Арашан коюн багып жатам. Акырындап биринчи топтогу арашан коюна өтөм деген аракетим бар. Арашан кою тоютту, салмагына жараша, берки койлордон бир аз гана көбүрөөк жейт. Жайкысын жайлоого чыгарабыз. Кадимки койлордой эле жайылат. Кочкор кошпойм. Үйгө келгенде кочкорго куудурам. Койлорго 3 маал чөп, 1 маал жем берем. Чарба койлорун азыр бакпай калдым», - деди Калыйбай Саралаев.
Калыйбай мырза кой багуудан сырткары тайларды да багып, семиртип сатат.
«Тайларды декабрдын башында киргизип, байлай баштадым. Февралда семирип даяр болуп калды. Алгач уй байлап сатып жүрдүм. Уй сасык болуп, түйшүгү көп экен. Уйду 4 ай байлаганда семирсе тайды 3 ай байлаганда эле семирет. Бир тайды 3 ай байлайм. Бир тай 15000 сомдун тамагын жейт. Азыр 60 миң сомдон сатсам болот. Эки маал жем, үч маал чөп берем. Короонун алдын жыгач менен полдоп, кыгын тазалап турам. Июль айына чейин багып, сатылган тайдын ордун толуктап турам», - деди ал.
Калыйбай Саралаевдин ишине жубайы Рима Асанова жардам берет. Рима Асанова 1974-жылы 5-сентябрда туулган. Дөң-Алыш айылындагы Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчада жардамчы-тарбиячы болуп эмгектенет. Бош убактысын фермердин ишине жардам кылуу менен өткөрөт.