Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун тургуну — дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз Таластан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Ноокат районунун 2008-жылы туулган тургуну 2025-жылдын 4-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.
Дайынсыз болуп жаткан кыз 8-март күнү Талас шаарындагы видеокамералардын бирине түшүп калган. Мындан улам Ноокат РИИБдин жана Талас ОИИБдин кызматкерлери облус аймагында издөө иштерин күчөткөн.
Издөө иштеринин жана кайдыгер эмес жарандардын маалыматтарынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз кечээ, 13-мартта Бакай-Ата районунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.