Turmush — Шамаев Акылбек Арапбаевич Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Мэриянын маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Акылбек Шамаев буга чейин Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлеген.
Буга чейин Turmush Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев кызматтан кеткенин жазган. Маалыматка караганда, ал 2025-жылдын 12-мартында кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазагн.
Ш.Пайзиев аталган кызматта 2022-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан болчу.