Turmush — Нарында 2025-жылдагы айыл чарба каттоосуна даярдык боюнча окуу өттү.
Кечээ, 13-мартта Нарын шаарында айыл чарбасын каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча окуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба тармагындагы жетекчилер, статисттер, укук коргоо органдарынын жана башка жооптуу кызматкерлердин катышуусунда өткөн.
Семинарды президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын жетекчиси ачып, Министрлер Кабинетинин №122 токтомуна ылайык ар бир райондо жана Нарын шаарында 2025-жылы айыл чарба каттоосун өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календарлык планы, иш-чаралар планы бекигенин, комиссиялар түзүлгөнүн маалымдады.
Маалымат боюнча учурда облустун аймагында жайгашкан айылдардын административдик-аймактык чек араларын тактоо, турак-үйлөрдүн, батирлердин номер белгилери жокторун, көчөлөрдүн аталышы жазылган табличкалары жокторду толуктоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, облустагы бардык категориядагы айыл чарбаларынын (жеке көмөкчү чарбалар, дыйкан чарбалар, жеке чарбалар, жамааттык чарбалар ж.б.) тизмеси жана даректерин тактоо иштери жүрөт.
Каттоону уюштуруу иштерине ар бир райондун, шаардын жергиликтүү бюджетинен жалпы 4 млн 150 миң сом каралууда.
Улуттук статистика комитетинин Статистикалык каттоолор жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы 2025-жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү каттоонун негизги максаты болуп:
- айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөр боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келген толук, объективдүү, ишенимдүү маалыматтарды алуу;
- айыл чарба секторунун өнүктүрүү тенденцияларын изилдөө үчүн айыл чарбасындагы түзүмдүк жана социалдык өзгөрүүлөрдү аныктоо;
- аймактык деңгээлде саясатты иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү аймактык бирдиктер жана чарбалардын түзүмү жөнүндө кеңири маалыматтарды алуу экенин айтты.
Анын айтымында, мындай каттоо 10 жылда бир жолу өткөрүлүшү керек болсо, айрым себептерден улам акыркы 22 жылдан бери уюштурула элек болчу.
- Кыргыз Республикасында биринчи жолу айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылдары эки этап менен өткөрүлгөн.
- Биринчи этап — 2002-жылдын июнь айында жүргүзүлүп, бардык мамлекеттик, колхоздук жана дыйкан (фермердик) чарбаларды, ошондой эле жеке ишкерлердин чарбаларын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, калктын жеке көмөкчү чарбаларынын жана колхоздук бакчалардын (дачалардын) айдоо аянттарын каттоо өткөрүлгөн.
- Экинчи этап — малдын жана үй канаттууларынын санын, айыл чарба техникасын, кампаларды каттоо 2003-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн.
Буга чейин Кыргызстандын айыл чарбасын каттоо иштери жүргүзүлөөрү белгилүү болгон. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кезектеги каттоо 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилге пландаштырылган. Анын алкагында малдын жана үй канаттууларынын саны кайрадан саналат.