Turmush — Чүй облусунун бир катар район жана айыл аймактарында жетекчилердин WhatsApp номуру аркылуу шылуундар тааныштарынан акча сураган фактылар катталды.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун акиминин орун басарынын атынан акча сурап жазышкан.
«Акыркы учурларда Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын жетекчилеринин атынан алардын телефон номуру аркылуу чалып, же WhatsApp аркылуу жазып акча сураган учурлар көп кездешүүдө. Ошону менен катар «ар кандай лотореядан утушка ээ болдуңуз, алдын ала төлөм үчүн акча жөнөтүңүз» деген чалуулар болууда. Мындай абалга кабылып, шылуундарга акчаңызды алдырып койбош үчүн сак болуңуз», - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp аркылуу кайрылууда шылуундар банктык карта номурларын жөнөтөт. Алар болушунча ишендирүүгө, тааныштай мамиле жасоого аракет жасайт. WhatsApp аркылуу акча сурагандарга эч качан акча которбоого чакырышат. Жазып, акча сурап жаткан тааныштарды видео чалуу аркылуу тактап алуу зарыл.
Интернет алдамчылар Ысык-Ата районунун акиминин орун басарынын, Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназиянын директору Нургүл Алканованын, В.И.Ленин орто мектебинин директору Зоя Мухарованын атынан жазышкан. Ошондой эле Кант шаарынын мэринин орун басары Азамат Убалкановго «батир утуп алдың, акча которуңуз» деген кат келген.
Маалым болгондой, Чүйдүн башка район, айыл аймактарында дагы ушундай фактылар катталып жатканы айтылууда. Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Абдыкеримовдун атынан WhatsApp аркылуу акча сурашкан. Анын тааныштары акча сураган шылуундарга билбей 20-30 миң сом которуп жиберишкен.
Ошондой эле Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан аким Кутпидин Шакировдун атынан шылуундар акча сурап, WhatsApp аркылуу жазганын билдиришти.