Turmush — Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен (мурунку №1 мектеп-гимназиясы) 6 окуучу дүйнөлүк олимпиадада алдыңкы орунду алып келишти. Бул тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуучулар англис жана менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн дүйнөлүк олимпиадага катышышкан.
Алар:
- 1-орун — Эльвина Сафарова (8-класстын окуучусу), Эмир Нарынбеков (4-класстын окуучусу);
- 2-орун — Матвей Пересыпкин, Елизавета Найдовская (8-класстын окуучулары), Мустафа Сафаров (5-класстын окуучусу);
- 3-орун — Эрназар Аманбеков (8-класстын окуучусу).