Turmush — Ош шаарында студенттер үчүн таштандынын жаңы тарифи күчүнө кирди. Эми Ош шаарындагы орто жана жогорку окуу жайлар «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына ар бир студент үчүн айына 45 сомдон, ал эми жылына 450 сомдон төлөйт. Бул жаңы тарифти Ош шаардык кеңеши 2025-жылдын 27-февралында №22 токтому менен бекитип берди.
Токтомго ылайык, быйылкы жылы таштандыга студенттер үчүн тариф 2 эсе жогорулаган. Анкткени Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө» (№144 токтом) токтомунун 2-тиркемесинин 22-пунктунда «жогорку окуу жайлар жана техникумдар бир студентке айына 25 сом, жылына 300 сомдон төлөсүн» деген жерин 27-февралда чыккан токтомдо «жогорку жана орто окуу жайлары ар бир студентке айына 45 сомдон, жылына 450 сомдон төлөсүн» деп өзгөртүлгөн.
Ош шаарында мамлекеттик 4 жогорку окуу жайы жана бир нече орто окуу жайлары бар. Шаардагы студенти эң көп окуу жай – Ош мамлекеттик университети.
Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуу жайдан 50 миңдей студент билим алат. Анын 33 миңи күндүзгү бөлүмдө, калган студенттер сырттан окуу бөлүмүндө окушат.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаарындагы 4 жогорку окуу жайда – 84 миң 481 студент, 7 кесиптик окуу жайда – 65 миң 145 студент окуйт. Ошентип Ош шаарында жалпы 149 миң 626 студент билим алат.
Ош шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, бир студент айына 45 сомдон, жылына 450 сомдон төлөрүн эске алганда, 149 миң 626 студенттен жылына «Ош-Тазалыкка» жылына 67 млн 331 миң 700 сом акча түшөт.
Токтомдо студент кайсы окуу бөлүмүндө окуй турганы конкреттүү түрдө белгиленген эмеспи?
Токтомдо конкреттүү түрдө «күндүзкү окуу бөлүмүнүн студенттери» же «сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери» деп бөлүп каралган эмес.
Ал эми Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов токтомдо «студент» деп белгилеп көрсөтүлгөнүн, сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери таштанды үчүн акча төлөбөстүгүн айтты.
«Сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери таштанды үчүн төлөйшпөйт да. Ал жерде «студенттер» деп жазылып жатпайбы. Жалаң шаардагы студенттер төлөсүн деп эле турат. Сырттан окугандар шаарга келбейт да», - деди ал.
Бир студент таштанды үчүн 2 жолу төлөйбү?
Ош шаарындагы 149 миң 623 студенттин күндүзкү жана сырттан окуу бөлүмүндө окуй турганы токтомдо эсепке алынбаган соң, алар жылына жалпы 67 млн 331 миң 700 сом төлөрүн жогоруда эсептедик. Аталган студенттердин канчасы студенттик жатаканаларда, канчасы батирлерде жашары боюнча так маалымат жок. Мындан улам, «батирлерде жашаган студенттер контрагынын эсебинен жылына 450 сом төлөп, мындан сырткары батирде жашаганы үчүн да таштанды үчүн акча төлөйбү?» деген суроо туулат.
Бул суроого «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов жооп берди.
«Негизи Бишкекте деле ушундай төлөшөт. А студенттин университетте да, үйүндө да төлөрү боюнча айтсам, эки жакка тең төлөйт. Мисалга жеке мектептерде окуучулар үчүн төлөнөт, үйүндө да окуучулар үчүн акча төлөнөт. Негизи тариф Бишкекте үйдүн чарчы метрине жазылган. Ошто адам санына жараша эле акча төлөнөт», - деди ал.
Бул кадам «Ош-Тазалыкты» дотациядан чыгаруу үчүн жасалып жатабы?
«Азырынча сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери же күндүзкү окуу бөлүмүнүн студенттери чогуу таштанды үчүн төлөйбү, ал маселе чечиле элек. Талкууда экен», - деди Оштогу жогорку окуу жайдын биринин басма сөз катчысы.
«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы дотацияда отурган мекеме. Аталган ишканага Ош мэриясы жылына белгилүү өлчөмдө дотация бөлөт. Былтыркы жылы «Ош-Тазалыкка» 60 млн сомдой акча бөлүнгөн. Быйылкы жылы аталган ишканага мэрия субсидия берген жок.
Ош шаарынын 2024-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө 70 млн сом бөлүнгөн. Ош шаарынын 2024-жылдагы бюджети 2 миллиард 884 миллион 956 миң сом болуп бекитилген.
- Субсидия — бул мамлекет тарабынан калкка же ишканаларга товарлар же кызматтардын баасын төмөндөтүү үчүн берилген каржылык жардам же колдоо.
Ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов өзү бул кадамды ишкананы дотациядан чыгаруу деп баалады.
«Студенттер үчүн тарифтин көтөрүлүшү — дотациядан чыгуу кадамы болуп жатат. Тариф студенттер үчүн гана көтөрүлд. Эл үчүн көтөрүлгөн жок», - деди ал.
Маселенин чоо-жайы:
Буга чейин 17-февралда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы жогорку окуу жайларды ар бир студентке таштанды үчүн 1000 сомдон төлөөнү милдеттендирүү пландалып жатканын айткан.
- Мэриянын маалыматына караганда, Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан жогорку окуу жайларда 110 миңден ашуун студент окуйт.
Мэриянын көчмө жыйынына Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош көп профилдүү колледжинин ректорлору катышкан. Жолугушууда аталган окуу жайлардын корпустарында 48 миң студент окуп, 2700 мугалим иштеп, ал эми таштандыны алып кетүүгө төлөм 343 миң сомду гана түзөрү айтылган.
Мэрдин пикири боюнча, университеттер өзүнүн аймагын карап, бирок муниципалдык аймактын инфраструктурасын жакшыртууга көңүл бурбайт.
«Бардыгы студенттердин, мугалимдердин унаалары. Күнүгө тыгын. Этин булар жейт да, сөөгүн мэрия жейт», - деген калаа башчысы.
Ал ОшМУнун ректоруна кайрылып: «Агай, сиздин 15 миң студентиңиз, 1300 мугалимиңиз бар экен. 15 миң студенттен бери дегенде 200 студент унаа менен келди. 1300 мугалимден бери дегенде 300 мугалим унаа менен келди. Унааларды каякка коюш керек?», - деген.
Мэрдин пикири боюнча, Ош шаарындагы студенттердин көйгөйдөн башка пайдасы тийбей жатат. Пайдасын университеттер гана көрүп жатат.
Андан кийин ал жетекчилерден студенттер төлөгөн контракт тууралуу сурады. ОшМУда чет өлкөлүк студенттер 3000 долларга чейин, ОшТУда 1200 долларга чейин (эң аз контракт 29 миң сомду түзөт) төлөй турганы белгилүү болду. Ал эми Ош педагогикалык университетинде эң көп контракт 35 миң сомго чейин, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 37 миң сомго чейин жетет.
Окуу жайлардын жетекчилери мэрдин «студенттер таштанды үчүн акча төлөбөй жатат» деген пикирине кошулган эмес.
Калаа мэринин айтымында, университеттер студенттердин эмес, контракттын эсебинен таштандыгы 1000 сомдон кем эмес төлөшү керек.
«Мен акчаны каяктан алам? Ош шаарынын бюджети болгону 3 млрд сом болсо, 2 млрд 400 млн сому «защищенная статьяда», мугалимдерди айлыгы. Калган 600 млн сом шаарды өнүктүрүүгө жетпейт экен да. Контракттын эсебинен ар бир студентке жылына 1000 сомдон төлөйсүңөр. Шаарга бир нерсе жасаш керекпи?», - деген мэр.
Калаа башчысы эсептеп, эгерде 110 миң студент таштанды үчүн 1000 сомдон төлөсө, Ош шаарынын бюджетине 110 млн сом түшө турганын айтты.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков студенттердин 15% окуу жайда жашаса, калган студенттердин жашаган даректери бар экенин билдирип, алар жашаган жери боюнча таштандыга төлөп жатышканын айткан.
Шаардык кеңештин токтому:
Андан кийин 10-мартта мэрия Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын таштандыга төлөгөн акынын суммасы жогорулатылганын кабарлаган.
Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары 2025-жылдын 27-февралындагы сессияда кабыл алды. Анын негизинде Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө» токтомунун 2-тиркемесинин 22-пунктундагы «жогорку окуу жайлары жана техникумдар бир студентке айына 25 сом жана жылына 300 сом» деп бекитилген тариф «жогорку жана орто окуу жайлары бир студентке айына 45 сом жана жылына 450 сом» деп өзгөртүлдү.
Буга катар эле катуу тиричилик калдыктарына болгон акыларды төлөбөй жаткан мекеме, ишкана жана башка субъекттерге мыйзам чегинде чара көрүү чечими кабыл алынды.