Turmush — 11-март күнү Чүй облусундагы Шопоков шаарынын шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, анда негизги маселелердин бири катары шаардагы мектептердин аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынды.
2023-жылдын август айында кабыл алынган жаңы «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, мурдагы гимназия жана лицей түшүнүктөрү алынып салынган. Бул болсо тиешелүү билим берүү мекемелеринин статусунун өзгөрүшүнө алып келди.
Ушуга байланыштуу мугалимдер жамаатынын сунушу боюнча Шопоков шаарынын №1 гимназия мектебине Кусеин Карасаевдин ысымы ыйгарылды. Ал эми Шопоков шаарынын экология-экономикалык мектеп-лицейине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди.
Эми бул мектептер төмөнкүдөй аталат:
— Шопоков шаарынын Кусеин Карасаев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби;
— Шопоков шаарынын Чыңгыз Айтматов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби.