Turmush — Манас районунун Покровка айылынын 54 жаштагы тургуну Наталья Кость биология сабагынан мугалим болуп иштеп келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы мугалими. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин биология жана химия бөлүмүн аяктаган.
«Окууну аяктагандан кийин эле Казакстанда лабораторияда иштедим. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу 2003-жылы өзүм туулган Покровка айылына келип, өзүм аяктаган Покровка орто мектебине мугалим болуп ишке орноштум. Ошол жылдан бери ушул мектепте иштеп келе жатам.
Апам орус улутуна, атам украин. Апам ушул Покровкада туулуп өскөн. Атам болсо, Украинада өсүп, аскерден кийин Казакстанга ыктыярчы болуп келген экен. Ошол учурда Казакстандан апам экөө жолугуп калып, үйлөнгөндөн кийин Покровкада отурукташып калышыптыр. Биз ушул жактан туулуп чоңойдук. Кыргыздар менен чогуу эле кичинебизден кири-чыгышып, мен-сен деп бөлүнбөйбүз. Бизде айыл көп улуттуу болгондуктан, баарыбыз ынтымакта жашайбыз», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле окуучулары анын фамилиясын кыргызчага которуп, «Сөөк эже» деп тамашалап коерун айтып берди.
«Мектепке иштеген мен үчүн сыймыктуу. Ар бир күнүм майрамдай өтөт. Окуучуларым менен күн сайын жаңы нерселерди изилдеп үйрөнөбүз. Жакында эле 9-класстагы окуучум Бекболот эл аралык олимпиадада күмүш медаль алды. Алгач бул олимпиада тууралуу маалымат алдык. Анан окуучулардын арасынан Бекболотту тандап алгам. Ал өтө зээндүү, ар тараптуу, кабыл алуусу мыкты окуучу. Олимпиада англис тилинде болду. Англис тилден Раушан Карабекова деген мыкты, жаш мугалим сабак берет. Ошол экөөбүздүн аракетибиздин жыйынтыгы ушундай жеңишке алып келди десем болот.
Азыр мени кубанткан нерсе жаштар – өтө өнүккөн. Бардык тармакты өздөштүргөнгө аракет кылышат. Окуучуларымдан ошол аракетти көрүп абдан сүйүнөм.
Эң эле кызыгы мени мектепте ар кандай атап алышкан. Кээ бир окуучуларым «Кости эже» десе кээ бири аны кыргызча которуп алып, «Сөөк эже» деп айтышат. Мен урушпайм, «туура ушундай которулат» деп көңүлдөрүн көтөрүп коем», - деди ал.
Мугалим айым кароосуз калган ит-мышыктарга кам көрүп келерин белгиледи.
«Мугалимдиктен тышкары кызыгуум бар. Үйүмдө 2 алабай итим, анан 10 мышык жашайт. 2018-жылы кошуналарым Россияга иштегенге кетишти. Ошондо үйүндөгү алабай итин «багып берсеңиз» мага таштап кетишти деп. Башында кооптондум. Бирок макул болуп, багып алып калдым. 7 айдан кийин күчүктөрү туулду. Ошондо кошуналарым келип алып койсо кантем деп абдан корктум. Анткени ал учурда аларга абдан көнүп калыптырмын. Анан ошондо бир күчүгүн өзүмө багып калгам. Алар кийин келди. Бирок итин алышкан жок. Ошону менен менде 2 алабай калып калган. Андан башка күчтөрүн жакшы үй-бүлө таап, 5 миң сомдон сатып жаттым. Сатып алгандар күчүктү жакшы карашат деп ишенем.
Ал эми көчөдө калып калган мышыктарды үйгө алып келип багып алам. Кайра алар үчүн жакшы үй таап, бага тургандарга алып барып берем. Атайын ушул жаныбарларды коргоо уюмдары болсо өзүмө окшош адамдар менен баарлашып тургум келет. Жарым айлыгым эле ушул мышыктарды, 2 алабай итти багууга кетип калат. Сырттан көргөн адамдар «эмне себептен багасың, сага кандай пайда?» деп айтышат. Мен «тирүү жаныбарларды суукка ачка калтыра албайм» деп жооп берем. Өзүм кызыккан иш болгондуктан, аларга ушунча акчам кетип калды деп ойлонбойм дагы», - деди ал.
Наталья Кость 1 кыздын апасы.
Буга чейин Манас районунун Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бекболот Музуротбеков дүйнө жүзүнүн окуучулары катышкан биология боюнча олимпиадада күмүш медаль алганы белгилүү болгон.
8-февралда Кыргызстандын окуучулары биология боюнча «British Biology Olympiad 2025» олимпиадасында 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан. Сынак онлайн түрүдө уюштурулуп, ага дүйнө жүзү боюнча 1053 мектептен 18 миң 533 окуучу катышкан. Бекболот аталган билим сынагында күмүш медалга ээ болгон. Аны мугалими Наталья Кость даярдаган.
Аларга 4-март күнү Манас райондук билим берүү бөлүмү тарабынан сыйлыктар тапшырылды.