Turmush — «Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Аламүдүн районуна араштуу Достук айыл аймагынын тургуну Акматова Каныкей Замировна. Ал учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19 мекемесинде өкүмдөрдү аткаруу жана атайын тобунун тескөөчүсү болуп эмгектенип келет. Улук лейтенант менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Каныкей Акматова 1988-жылы 9-июлда Бишкек шаарында аскер кызматчысынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1995-жылы А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин босогосун аттаган. Атасы аскер кызматкери болгонуна байланыштуу 2002-жылы Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылына көчүп келип, 2006-жылы Келечек орто мектебин аяктаган.
«Жаза аткаруу кызматында 2009-жылдан баштап эмгектенем. Бул кызматта атамдын жолун жолдоп келе жатам десем жаңылышпайм. Себеби форма кийүү — менин балалык кыялым болчу. Эмгек жолум 2009-жылы башталган. Анда Жаза аткаруу кызматынын №8 мекемесинде атайын бөлүмүндө иштеп баштадым. Ал убакта форма кийип иштечү эмесмин. 2010-жылы СИЗО-1 мекемесине которулуп барып, ошол жерден форма кийип иштедим. Ошентип 15 жылдын ичинде 7 мекемеде кызмат өтөдүм жана пенсияга да чыктым», - деди ал.
Каарманыбыз аскердик кызмат, форма кийүү чоң жоопкерчилик экенин айтат.
«Бул чоң жоопкерчилик. Жумушубуз өтө татаал, өтө оор, бирок өзүбүз мамлекетке ант берген үчүн ошол жоопкерчиликти акташыбыз керек деп ойлойм. Мен үй-бүлөдө үч бир тууганмын. Улуу байкем Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматында жетекчи болуп иштейт. Ал эми эжем Жаза аткаруу кызматынын №31 мекемесинде эмгектенет. Үй-бүлөбүз менен форма кийген адамдарбыз десем болот», - деди ал.
Каныкей айым темир тор артында түрдүү адамдар болорун, алардын тагдырлары тууралуу айтып берди.
«Ооба, темир тордо ар түрдүү адамдар отурат. 2013-жылы №27 мекемеде иштеп жүргөм. Анда мен жолугуштуруу бөлүмүндө иштечүмүн. Соттолгон жарандарга ата-энеси келген экен. Алардын тийиштүү документтерин тактап, түрмөгө балдарына жолуктурганы алып кирсем, бир эненин бир эмес, эки баласы тең өмүр бою эркининен ажырагандар экен. Ошондо энеси балдарын кучактап ыйлаганда, мен өзүмдүн кабинетиме кирип алып ыйлагам. Эч бир эне ыйлабасын бул жашоодо. Айла жок маңдайга жазылат экен. Адам билбей кылмышка аралашып калат, кээ бири билип деле барат. Беш кол тең эмес да. Мен кызмат кылган мекемеде өмүр бою эркинен ажырагандар да бар. Алар менен иштөө оор», - деди ал.
Каныкей Акматова жалгыз бой эне. Ал 4 уулду тарбиялап жатканын айтат.
«Келечекте максаттарым, төрт уулумду туура жолго салып, жашоодо өз жолдорун тапканга жардам берсем дейм. Бош убактымда балдарым менен сейилдеп, алар жактырган тамактарды жасап берем. Убактым болсо китеп окуганды жакшы көрөм. Мугалимдик кесип боюнча билим алгандыктан мектепте дагы иштесем деп кыялданам», - деди ал.