Turmush — Кечээ, 28-январда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Казакстандагы Emirmed университетинин ректору, профессор Димитрий Скаевди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки окуу жай тууралуу маалымат алмашып, билим берүүдө кызматташтыкты арттыруу, биргеликте эл аралык форумдарды уюштуруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуу жайдын жетекчилери эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Түзүлгөн келишимдин алкагында КӨЭАУнун эл аралык медициналык факультетинин, медициналык колледждин студенттери Emirmed университетинин мультипрофилдүү клиникаларында стажировкадан өтүү мүмкүмчүлүктөрүнө ээ болушат.
КӨЭАУнун базасы провайдер катары жаңы окуу программаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Саламатыкты сактоодогу жасалма интеллект, ошондой эле медициналык клиниканы уюштуруу тажырыйбасын пайдалана алат.