Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Кыдыр Аке айыл аймагы (8 айыл кирет) 2024-жылы социалдык-экономикалык өсүшү менен райондо жана облуста «Мыкты айыл аймак» деп табылды.
Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаев 2024-жылы аткарылган иштер боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарына отчёт берди. Отурумда айыл өкмөттүн иши колдоо тапты.
Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы бюджети 117 млн сомду түзгөн. Ар тараптуу каржылоо 3 млрд 550 млн сом болгон. Жалпы 27 объект ишке берилген:
1. Ново-Константиновка айылында Осмон Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 150 орундуу жаңы имараты бүткөрүлүп, ишке берилди. Республикалык бюджеттен 71,0 млн сом каржыланды.
2. Ново-Константиновка айылындагы «Чоң Жергез-Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемеси (3 сааттык) ачылды. Республикалык бюджеттен 2 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом (жалпы 3 млн сом) бөлүндү.
3. Ак-Суу айылында (мурдагы Теплоключенка айылы) М.Мамакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин алдында уюшулган 3 сааттык бала бакча жана балдар ойноочу аянтча уюштурулду. Жалпы каржылоо 2 248,0 сом, республикалык бюджеттен 2,2 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 48 мин сом бөлүндү.
4. 90 орунду «Асман» мектепке чейинки билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жалпы каржылоо 14,0 млн сом.

5. Ак-Суу айылында 90 орундуу Өмүрбек Ишенбек атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин курулду. Компаниялардын биринен 36 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2,5 млн сом бөлүнүп, жалпы каржылоо 38,5 млн сомду түзөт.
6. Өлкө башчынын демилгеси менен Ак-Суу айылындагы (мурдагы Теплоключенка айылы Кереге-Таш, Кайырма-Арык, Ново-Константиновка, Пионер айылдарына кичи футболдук аянтча салынды.
7. Ак-Суу айылындагы Чыңгыз Айтматов жана Арык Мырза конуштарында мечит курулду, каржы көлөмү 5 млн сом.
8. Ново-Константиновка айылындагы мечиттин жанына кужуркана (дааватчылар келип жатчу жер) салынып ишке берилди, каржы көлөмү 2,5 млн сом.
9. Ново-Константиновка айылында жаңы ФАПтын имаратынын курулуш иштери аяктап, ишке берилди. Демөөрчүлөр тарабынан 3 755,0 сом, жергиликтүү бюджеттен 1 745 700 сом бөлүндү.

10. Пионер айылындагы 40 кожолук таза суу менен камсыз кылынды. Каржы көлөмү 32,0 млн сом.
11. Кыдыр Аке айыл аймагынын борбордук көчөсүнө LED экран, арканы оңдоо иштери бүткөрүлдү. Каржы көлөмү 8 670,0 сом.
12. Кыдыр Аке айыл аймагынын борбордук көчөсүндөгү тротуар оңдолуп, аялдама салынып, жарыктандыруу берилип, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Жалпы каржылоо көлөмү 8 480,8 сом.
13. Арашан-Алмалуу коктусунда кубаттуулугу 2,4 МгВт ГЭС курулуп ишке берилди. Тартылган инвестициялар көлөмү 299756,2 млн сом.
14. «Манасчылар ордосу» сейил багын куруу иштери бүткөрүлүп ишке берилди. Жалпы каржылоо 24 млн сом.
15. Кыдыр Аке айыл аймагында социалдык объектилер курулду — эмкана, тигүүчү цех, үй буюмдарын жасоочу цех (столярный цех). Демөөрчүлөр тарабынан 23,0 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом бөлүндү. Жалпы каржылоо көлөмү 25 млн сом.
16. Туристтик тейлөө борбору курулуп ишке берилди. Республикалык бюджеттен 33 млн сом каржыланды.
17. Ленин көчөсүнүн 500 метр жерине асфальт төшөлүп, көрктөндүрүү иштери жасалды. Жалпы каржылоо 22 млн сом, республикалык бюджеттен 18 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүндү.
18. Борбордук спорт комплексинде фитнес залы уюшулду. Жергиликтүү бюджеттен 1,7 млн сом каржыланды.
19. Мурунку эски абалдагы казарманын ашканасынын имараты жаштар борборуна ылайыкталып жасалды. Жергиликтүү бюджеттен 7871,0 сом каржыланды.
20. Жасалма уруктандыруу пункту ишке берилди. Жалпы каржылоо суммасы 166, 0 сом.
21. Беккари чуңкуру курулуп ишке берилди. Жергиликтүү бюджеттен 900,0 сом каржыланды.
«27 объекттин ишке берилиши менен жумуш орундары да түзүлгөн. Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча 464 жумуш орун, туруктуу 87 жумуш орун, сезондук 158 жумуш орун, убактылуу 219 жумуш орун түзүлгɵн. Административдик-аймактык реформдан улам 3 айыл өкмөттөн (мурунку) — Теплоключенка айыл өкмөтү 13 жумуш орду, Кереге-Таш айыл өкмөтү 12 жумуш орду, Эңилчек айыл өкмөтү 8 жумуш орду, жалпы 33 жумуш орун кыскарган», - дейт айыл аймак башчы Т.Көбөнбаев.
Ал эми Жаңы жылдын башталышы менен айыл аймакта жаңылануу жана жаңы демилгелер бар.
«Жаңы жылдын башталышы менен элдин өтүнүчү жана кайрылуусу эске алынып, Теплоключенка айылынын аталышы расмий түрдө Ак-Суу деп өзгөртүлдү. Бул жылы айылдын кире беришине арка тургузабыз. Райондун жана айыл аймактын борбору болгон Ак-Суу айылында көп иштер аткарылат. Кыдыр-Аке борбордук көчөсү төрт тилкелүү болуп салынат.
Былтыр башталган ички жолдордо да асфальттоо иштери улантылат. Ошондой эле, жүндү кайра иштетүүчү жана жер семирткич алуучу заводун ишке берүү алдында турабыз. Ак-Суу айылында таза суу маселеси көйгөй жаратып келген долбоор менен таза суу түтүктөрү алмашылып, суу топтоочу жай салынат. Пионер айылына таза суу киргизүү боюнча иштерди аткарып жатабыз.
Биздин айыл аймак дыйканчылыкка басым жасагандыктан Ак-Суу айылында логистикалык борбор ишке берилет. Картошканы кайра иштетүүчү 2 чипсы заводун ачууну карап жатабыз.
2024-жылы Ак-Суу (Теплоключенка) айылы кандай көрктөндүрүлүп жарыктандырылса, Сары-Камыш айылы да ошондой долбоор менен ишке ашат. Бининчи тротуарлар салынат жана жарыктандырылып, жол жээктери көрктөндүрүлөт.
2024-жылы кичи ГЭСти ишке бердик. Бул жылы Жергез, Алтын-Арашан жана Алмалуу сууларына 3 ГЭС курулат», - дейт Кыдыр-Аке айыл аймагынын башчысы.
«Жылдын мыкты айыл аймагы» наамын алган Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаев жалпыга ыраазычылыгын билдирди.
«Жыл мыктысы болуу бир эле адамдын, же бир эле мекеменин иши эмес. Жалпы бардык жагынан каралып, алдыңкы көрсөткүч үчүн ыйгарылды. Биздин айыл аймакты колдоого алган райондук жетекчиликке, демөөрчүлөргө жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, баштаган демилгени ишке ашырган ар бир муниципалдык кызматтарга, айыл башчыларга жана айыл аймагыбыздын ынтымактуу элибизге рахмат айтуу менен өз жерибиздин өнүгүп-өсүшү үчүн дагы да аракетибизди жумшоого үндөйт элем», - дейт ал.
Кыдыр Аке айыл аймагы 8 айылдан турат — Ак-Суу (Теплоключенка), Лесное, Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык, Ново-Константиновка, Пионер жана Эӊилчек. Ак-Суу районунун борбору Ак-Суу (Теплоключенка) айылы. Калкынын саны 22 миң 787 адам.