Turmush — «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 42 жаштагы Бекболот Жакыпбеков менен жубайы 41 жаштагы Нуриза Качкеева. Алар агартуучулардын үй-бүлөсү. Мугалимдер Талас районунун Жон-Арык айылында жашашат. Аймактык кабарчы жубайлар менен маек курду.
Жубайы Нуриза Качкеева Талас районунун Калба айылынан болот.
«2000-жылы Физика-математика багытындагы Манас лицейин артыкчылык менен аяктагам. Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин математика, информатика жана кибернетика факультетинин прикладдык математика жана информатика багытында окуп бүтүргөм. Ошол эле университетте 2 жылдык магистратурасын аяктагам.
Жолдошум Бекболот Жакыпбеков Жон-Арык айылынын тургуну. Экөөбүз үй-бүлөбүз менен ошол айылда жашап келебиз. Ал дагы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин тарых факультетин аяктап, кесиби боюнча тарых мугалими», - дейт ал.
Жубайлардын баш кошкону абдан кызык болгон.
«Окууну аяктап экзамендерди тапшырып калган кезим. Өзүмдүн пландарым боюнча Жалал-Абадга туугандарыма бармакмын. Мен курактуу бөлөм ошол жактан болот, шаарда биздин үйдө турчу. Такси менен сүйлөшүп, 2004-жылы 27-июнда Жалал-Абадга кете турган болдум. 26-июнь күнү үйгө келсем эле, эшиктин алдында ак "Ауди" турат. Ичинде бирөөлөр бар экен. Үйдө апам бар болчу анан ал "Сага жуучулар келиптир. Жоолугушуп кой, баш чанба, окууну деле аяктап калдың" деп айтып калды. Анан күттүрүп, көптөн кийин макул болуп чыктым. Жолдошумду негедир бир көргөндө эле жакшынакай бала экен деп жактырдым. Жанында досу, кайын эжем бар экен. Барып кафеде тамактанып отуруп эле андан кийин үйүнө алып баса берген. Көрсө, жолдошум мурун көрүп жактырып жүргөн экен. Анан үй-бүлөбүз бири-бирин таанып, жакшы адамдар дегендиктенби, көнүп калып калдым. Ошол чечимиме эч өкүнбөйм. Жолдошум экөөбүз өзүбүз жаңы баш кошкон кезибизди эстеп, күлүп калабыз», - деди мугалим Нуриза Качкеева.
Ал 21 жылдан бери кайын энеси менен жашайт.
«Өзүм үйдө улуу кызмын. Менден кийин 3 иним бар. Жалгыз кыз деп абдан эркелетип чоңойтушкан. Анан апам бул жакта бат эле баарына көндүрүп, өзү тарбиялап койду десем жаңылбайм. Келин болуп келгенде эле, айылдагы мектепке математика мугалими болуп ишке орноштум. Ал кезде мугалимдер тартыш деген маал экен жаңы келин келди дебей эле математика мугалими келиптир деп абдан сүйүшкөн. Жолдошум дагы тарых мугалими болуп кирди.
Ошентип 2004-жылы үй-бүлө түптөп, анан билим берүүдө эмгек жолубузду баштаганбыз. Кайын атам мен келин болуп келгенче 1 жыл мурун каза болуп калган экен. Апам болсо 86 жашта кутмандуу карылыкта. Жолдошум экөөбүз бардык нерсени чогуу баштаганбыз. Кандай кыйынчылык болбосун чогуу жеңдик. 3 уул, 2 кыздуу болдук. Жумуш менен үй-бүлөнү алып кетүүдөгү жетишкендиктерибизге апамдын салымы зор. Балдарыбыз 1 жашка чыкканда эле "тур бар сен жашсың, иште" деп өзү багып калчу. Ар бир иште өзүнүн насаатын айтып, туура жол көрсөтүп төрүбүздө.
Жолдошум А.Нуржанов атындагы орто мектебинин директору, Билим берүүнүн мыктысы.
Мен 2017-жылы шаар-район боюнча "Жылдын мыкты мугалими" конкурсунда 3-орун алгам. Жумушта жолдошумдун колдоосу көп болду. 30дан ашык сертификат, дипломдорум бар. Ар бир ийгилигимдин аркасында жолдошум турат деп ойлойм. Ал киши катуу дагы сүйлөбөйт, акырын сөз менен эле, түшүндүрүп, багыт берип коёт. Балдарыбызга дагы ошондой тарбия бергенге аракет кылат. Келин болуп келгеним кантип арадан 21 жыл өткөнүн билбей калдым. Азыр эстесем, кайгырып, ыйлаган күнүбүз деле болгон жок, баары алдыда балдарыбыздын жакшылыктарын көрөлү деп тилеп отурабыз», - деди ал.
Жакында эле улуу уулун үйлөнтүп, келиндүү болушкан.
«Келинибиз өзүбүздүн кызыбыздай эле. Мончоктой, татынакай кыздуу болдук деп абдан бактылуу болдук. Биз дагы жогорку окуу жайды аяктап, үйлөнгөнбүз. Уулубуз дагы окуусун аяктап, кесипке ээ болуп, анан үйлөнөйүн деди, баарыбыз колдодук», - деди ал.