Turmush — Элчибек Жантаев 2023-жылдын 14-апрелинен тартып президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет. Ал 2024-жылы аткарылган иштер жана 2025-жыл ичинде облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мерчемделген иш-аракеттер тууралуу айтып берди.
Облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 2024-жылдын 12 айынын ичинде облустук мекеме-уюмдар, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү деңгээлде бир катар иштер аткарылды.
2024-жылы аткарылган иштер
Өнөр жай тармагында 2024-жылдын январь-декабрь айларында Ош облусу боюнча 19 млрд 336,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 108,9 пайызды түздү.
Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан түзүлгөн 100 ишкана тизмеси боюнча Ош облусунда 18 ишкана ишке берилип, бүгүнкү күндө иштеп жатат.
Финансы тармагында 2024-жылдын январь-декабрь айларында мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча планы 3 млрд 412 млн 701,3 миң сом болсо, аткарылганы 4 млрд 608 млн 888,3 миң сомду түзүп, берилген план 102,3 пайызга аткарылды. Ал эми мамлекеттик бюджеттин казынасына 105,0 млн сомго көп чегерилди.
Бүгүнкү күнгө чейин облустун 12 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар дотациядан чыккан болсо, 2025-жылга карата облустун 5 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Алар: Ноокат районунда Н.Исанов, Кыргыз-Ата жана Т.Зулпиев айыл өкмөттөрү, Кара-Суу районунда Ала-Тоо айыл өкмөтү, Өзгөн районунда Жалпак-Таш айыл өкмөтү.
Өзгөн районунун Жалпак-Таш, Ноокат районунун Н.Исанов, Т.Зулпиев жана Кыргыз-Ата айыл аймактары административдик-аймактык реформанын алкагында башка айыл аймактар менен бириктирилбестен өз күчтөрү менен дотациядан чыкты.
Инвестиция тартууда 2024-жылдын 12 айында дээрлик 20 млрд 864,4 млн сомдук тышкы жана ички инвестициялар өздөштүрүлдү, же былтыркы жылдын деңгээлине карата 149,4 пайызды түздү. Облустун бардык райондорунда 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 8 млрд сом көп инвестиция тартылды.
Облуста туризм тармагында иш алып барган ишкердик субъекттеринин (юридикалык жана жеке жактардын) жалпы саны 1324 бирдикти түздү. Анын ичинен 52 мейманкана, 52 туристтик ишкана жана эс алуу мекемелери, 916 ресторан, 294 туристтик фирма жана туроператорлор, 7 санатордук-курорттук мекеме жана 3 жаратылыш паркы жана коруктар.
Айыл чарба тармагы. 2024-жылдын январь-декабрь айларында Ош облусунда айыл чарба продукциясы жалпы 71 005,3 млн сомго өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 104,6% түздү. Бул Кыргызстан боюнча айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 18% түзгөндүгүн көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 110 597 дыйкан-фермер чарба жана 63 айыл чарба кооперативи иш алып барууда.
Пайдаланылбай калган жерлерди өздөштүрүүдө иштер аткарылып, 1851 гектар аянттан 1041 гектар кыскартылган.
Ош облусунда жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча бир катар иш-чаралар аткарылды. Ош облусунун ар бир райондук мамлекеттик администрациясы жерлерди мыйзамсыз басып алуу жана кеңейтүү, ошондой эле максатсыз пайдалануу фактыларын токтотуу үчүн комиссия түзүп, максаттуу иштер жүргүзүлдү. Натыйжада Ош облусунда 1982 мыйзамсыз курулуш аныкталып, анын ичинен 1406 объект буздурулду. Бул курулуштардын көбү айыл чарба багытындагы жерлерде, корук аймактарында жана башка жерлерде курулган. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө 63 объект укук коргоо органдарына өткөрүлдү.
2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттен облус боюнча жалпы 600 млн 483 миң сомго жолдорду оңдоо иштери жана тейлөө жумуштары аткарылды. Жалпы 145,2 км асфальт тɵшɵɵ иштери жасалды.
Мындан сырткары өлкөдө биринчи жолу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» долбоорунун алкагында Өзгөн шаарын айланып, акы төлөп өтүүчү сметалык баасы 2 млрд 600 млн сомду түзгөн, узундугу 14 чакырым, туурасы 16,75 метр 4 тилкелүү жол курулуп, колдонууга берилди.
2025-жылы кандай иштер аткарылат?
Быйылкы жылы экономикалык өсүштүн негизги индикаторлору боюнча төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү максатталууда:
Регионалдык ички дүң продукцияны -3% кем эмес өстүрүү.
Анын ичинен тармактар боюнча:
- өнөр жайы — 109%;
- айыл чарба — 105%;
- капиталдык курулуш — 110%;
- ал эми жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 5%га жогорулатуу.
Бул натыйжаларга жетишүү үчүн 2025-жыл үчүн бардык тармактарды камтып, 78 пункттан турган атайын иш-аракеттер планын кабыл алынды. Ага ылайык, быйыл бир топ олуттуу долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө.
Өнөр жай тармагы боюнча:
Кара-Суу районунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында аталган райондо быйыл бир нече өнөр жай ишканаларын ишке берүү пландалууда. Алардын ичинен эң алгачкысы болуп Ынтымак айыл аймагында кыш чыгаруучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү завод жакынкы ортолукта ишке берилет. Бул дорбоорго жалпысынан 9 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салынган. Жылына 50 млн кыш өндүрүлөт жана 300гө жакын жумуш оруну пайда болот.
Ошону менен бирге жакынкы аралыкта дагы 9 өндүрүш ишканасынын курулушуна капсула салынат.
1) Манас айыл аймагынын Нариман айылына сметалык баасы 427 млн сомдук эт азыктарын чыгаруучу заводун куруу, аны ишке берүү менен 200 жаңы жумуш оруну түзүлөт.
2) Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад айылына сметалык баасы 452 млн сомдук аккумулятор чыгаруучу завод, 100 жумуш оруну түзүлөт.
3) Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылына сметалык баасы 69 млн сомдук бетон заводун куруу, аны менен 12 адам жумуш менен камсыз болот.
4) Ынтымак айыл аймагынын Кызыл-Суу участкасына жалпы кубаттуулугу 9 мВт болгон болжолдуу наркы 9 млн АКШ долларга бааланган 4 чакан ГЭС куруу, бул жерде 13 жумуш орун түзүлөт.
5) Жоош айыл аймагына сметалык баасы 304 млн сомдук асфальт-бетон заводун куруу, ал ишке киргизилсе, 50 киши жумуш менен камсыз болот.
6) Папан айыл аймагында сметалык баасы 87 млн сомдук асфальт-бетон заводу, ал курулса, 40 жумуш орун түзүлөт.
Жогоруда аталган өнөр-жай объектилерин ишке берүү менен Кара-Суу районунда эле жалпысынан 400дөн ашуун жумуш орундары түзүлмөкчү.
Башка райондордогу өнөр-жай боюнча долбоорлор:
Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагына өндүрүштүк-логистикалык технопарктын биринчи этабында курула турган жер семирткич заводунун курулушун бүтүрүү. Муну менен аталган ишканада жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгаруу үчүн өндүрүштүк кубаттуулук түзүлөт. Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 260 млн АКШ доллар, завод ишке кирсе, 2000ге чейин жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.
Ушундай эле жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу «Кыргыз индустрия» мамлекеттик ишканасы тарабынан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жүргүзүлүп жатат. Долбоордук баасы 45 млн АКШ долларын түзгөн бул завод быйыл ишке берилиши күтүлүүдө.
Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагына кубаттуулугу 50 мВткүн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу. Долбоордун баасы — 12 млн АКШ доллары.
Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына кубаттуулугу суткасына 80-100 миңге чейин кыш чыгаруучу заводду ишке берүү. Жеке инвесторлор тарабынан курулуп жаткан заводдун сметалык баасы — 3 млн АКШ доллары.
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Тар дарыясына 18,5 мВт ГЭСтин курулушун баштоо. Баасы 36 млн АКШ долларын түзгөн долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.
Алай районунун Курманжан датка айыл аймагында кубаттуулугу 4,4 мВт чакан ГЭСтин курулушун улантуу. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусу менен 4,2 млн АКШ доллар өлчөмүндө каржылоо боюнча келишим түзүлгөн.
Алай районунун Аскалы участкасында Гүлчө дарыясына жалпы суммасы 2,5 млн АКШ долларлык чакан ГЭСтин курулушун бүтүрүү. Кубаттуулугу 2,5 мВт түзгөн чакан ГЭС курулууда, бүгүнкү күндө 70% жумуштар аткарылган.
Айыл чарба тармагы боюнча:
Агро-логистикалык борборлорду курууга жана дыйкандар үчүн кошумча киреше чынжырчаларын түзө турган долбоорлор ишке ашырылат.
Тактап айтканда:
- Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында долбоордук баасы 6,5 млн сомдук мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана;
- Т.Кулатов айыл аймагында долбоордук баасы 14,6 млн сомдук мөмө ширесин чыгарган кайра иштетүүчү цех;
- Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кара-Кой айылынын Шивели участкасында 400 тонналык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч;
- Бел айыл аймагындагы Бел айылында 250 тонналык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч;
- Т.Зулпуев айыл аймагында Айбек айылында 250 тонналык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч;
- Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында 400 тонналык картошка сактоочу кампа курулат.
Ошону менен катар Дүйнөлүк банктын (30 млн доллар өлчөмүндөгү) каржылоосу менен асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн облустун фермерлерине жалпысынан 1210 баш сүт жана эт багытындагы породалуу ири мүйүздүү малдарды алынып берилет.
Ал эми инфраструктуралык өнүктүрүү жаатында быйыл:
-
35 чакырым узундуктагы Өзгөн—Мырза-Аке—Кара-Кулжа жолуна асфальт басуу;
-
Ош—Баткен автожолунун (47-75 чакырым аралыгы) Ноокат—Кызыл-Кыя бөлүгүнө караган 28 чакырым жолуна асфальт басуу;
-
Ноокат шаарын айланып өтүүчү 16 км узундуктагы жолду долбоорлоо жана куруу.
Жалпысынан быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 120 чакырым жолго асфальт басуу пландалды. Муну менен бирге жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан жалпы 50 км ички жолдордорго асфальт басуу пландалууда.
Мындан сырткары Алай районунун Памир-Алай айыл аймагында узундугу 7 чакырым көмүр ташуучу ленталык конвейердин курулушун баштоо мерчемделди. Бул ленталык жолдун курулушу кытай инвесторлорунун эсебинен жүргүзүлүп, аны менен Алай, Чоң-Алай райондорунун аймагында көмүр казуучу ишканалардын Кытайга көмүр экспорттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.
Туризм тармагын өнүктүрүү багытында облустун аймагындагы негизги туристтик локациялар болгон — Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» паркы, Абшыр-Ата шаркыратмасы жана Өзгөн районундагы «Кара-Шоро» жаратылыш паркы, Өзгөн шаарынын тарыхый-архитектуралык коплексинде жана шаардык паркта туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер быйыл аягына чыгарылат. Бул жумуштар дагы Дүйнөлүк банктын (30 млн доллар өлчөмүндөгү) долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Быйыл жалпысынан облус боюнча 60 социалдык объекттин курулушу жүргүзүлөт. Анын ичинен 25 мектеп, 20 бала бакча, 12 спорт зал жана 3 оорукана.
Таза суу менен камсыз кылуу боюнча быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20дан ашуун айылда таза суу түтүктөрүн куруу жана жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Андан тышкары ЕБРРдин (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) каржылоосу менен Өзгөн, Кара-Суу шаарларында канализация жана таза суу системалары курулуп бүтөт. Ал эми Ноокат шаарында таза суу түтүктөрү быйыл толук бүтүп, канализация системасын куруу боюнча иштер күчөтүлөт.
Жеке турак жайлардын курулушу боюнча, район борборлорунда көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн башкы пландар иштелип чыгып, атайын жер аянтчалары бөлүндү. Алсак, Өзгөн шаарында 6,5 га жер аянты бөлүнүп, 1100 батир куруу үчүн долбоорлоо иштери жүрүүдө. Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында 10,7 га жер тилкеси ажыратылып, тийиштүү социалдык объектилер менен 5 кабаттуу үйлөрдөн турган «Мурас» социалдык шаарчасын куруу пландалууда. Ал эми былтыркы жылы түптөлгөн Жаңы-Барак айылында дагы социалдык шаарча тибинде эки 5 кабаттуу үй демөөрчүлөрдүн эсебинен курулууда.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча, Ош облусунун аймагында кооптуу участоктор көп. Ошондуктан бул жаатта негизги күч аракетти табигый кырсыктардын алдын алуу менен кошо калктын жеке турак үйлөрүн камсыздандырууга алуу боюнча иштерге басым жасалат (2024-жылы 37,7 пайыз турак жайлар камсыздандырылды).
Саламаттыкты сактоо тармагында негизги аракет оорулардын алдын алуу, эне менен баланын ден соолугу боюнча көрсөткүчтөрдү көтөрүүгө, медициналык кадрлардын жетишсиздигин жоюуга жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.
«Бул жерден бир көйгөйүбүздү дагы айта кетейин, Ош облустар аралык онкология борборунун имаратынын эскилиги жетип, бүгүнкү күндө жаңы имарат куруу үчүн 350 млн сомдук сметалык документациясы даярдалган боюнча турат», - деди Жантаев.
Билим берүү жаатында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөдөгү орточо баллдык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт. Ошону менен бирге мектепке чейинки жаштагы балдардын бала бакчалар менен камсыздалышын көтөрүү максатталууда. Азыркы күндө мектепке чейинки балдардын бала бакча менен камсыз болушунун деңгээли 30,3 пайызды түзөт. Быйыл облус боюнча 20 бала бакчанын (2000дей орун) курулушу пландалган.
Маданият, улуттук идеология жана тарых жаатында да быйыл республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүүнү пландалды. Алардын катарында Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгы, Алымбек датканын 225 жылдыгы, Токтомамат Зулпуевдин 100 жылдыгы сыяктуу маарекелик иш-чаралар уюштурулат.
«Маданият тармагында дагы көптөн бери созулуп келаткан бир көйгөйүбүздү айта кетейин. Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окуу корпусунун жаңы имаратынын курулушу 2020-жылы башталган. Андан бери 55 млн сомдук жумуштар жасалып, бирок бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай калып кеткен. Аны толук бүтүрүү үчүн 81 млн сом бөлүп берүү керек», - деди облус башчысы.
1) Дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздук маселесин чечүү максатында Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун ортосунда Кызыл-Суу дарыясына суу сактагычтын курулушун баштоо керек. Ошондой эле Араван, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда сезондук жөнгө салуу көлмөлөрүн куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу дагы учурдун талабы болуп калды.
2) Узундугу 61 чакырымды түзгөн Араван—Төө-Моюн автожолун куруу. Аскердик стратегиялык жактан мааниси бар бул жол курулса, Ош—Баткен жолуна альтернативдик жол катары пайдаланууга болот.
3) Кара-Суу районундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Кара-Суу автожолу» өткөрүү пунктуна бажы кызматкерлеринин нөөмөтүн уюштуруу жана ошол жерде иш алып баруусу үчүн Евразиялык экономикалык комиссиясынын №688 чечиминде көрсөтүлгөн шарттарына жана талаптарына ылайык келтирүү жана КРнын нормативдик-укуктук актыларына (токтомго) өзгөртүүлөрдү киргизүү.
4) Кара-Суу районундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Ынтымак автожолу» өткөрүү пунктун куруу үчүн ЕАЭСтин Бажы кодексинин 9-беренесине жана 2011-жылдын 22-июнундагы Евразиялык экономикалык комиссиясынын №688 чечиминде көрсөтүлгөн шарттарына жана талаптарына ылайык ачуу.