Turmush — Жети-Өгүз тоосунда жайгашкан Кызыл-Үңкүр кезинде апийим сакталган кампа болуп, Улуу Жибек жолу өткөнү эл оозунда уламыш болуп айтылып келет. Бул тууралуу айыл тургуну Алмаз Эсенгулов айтып берди.
Анын айтымында, Кызыл-Үңкүр мурда Кызыл-Таш деп айтылчу экен.
«Мында баалуу таш болгондуктан казуу иштери жүрө берип, кийин үңкүр пайда болуптур. Бул жер жоокерчилик заманда коргонуучу жашыруун жай болгон экен. Маалымат сыртка чыкпаш үчүн стратегия иштелип чыккан. Душмандардан коргонуунун чеби болгон.
Бул жерден Улуу Жибек жолу менен кербендер да өтүп турганы эл оозунда тараган. Ошол тапта бул жакта кампа болуп апийим, баалуу буюмдар катылып, сакталып турчу экен. Кызыл-Үңкүргө 3 короо кой батып, өзүнчө эле ыктоо болуп турат. Кийин таш урап үңкүрдүн оозу жабылып калган экен. Манаптардын убагында карапайым элдин баш калкалаган жайы болгону уламыштарда айтылат. Жардын бийиктиги,жар боорундагы уячаларга жашырынып,далайы аман калган делет. Үңкүрдүн өңү боёп койгондой кызыл түстө. Жаан жааган учурда таштар ылдый урап турат.
Чет элдиктер өзгөчө тоо деп суктанып, сүрөткө түшүп турушат. Жергиликтүү эл, айыл жаштары бул жердин этно борборго айландыруу максатын коюп келебиз. Улуттук тамак-аштар, суусундуктар, көмкөрмө нандын жасалышын көрсөтүп, борбор уюштурууну максат кылып келебиз. Жаштар атайын долбоорун да иштеп чыгышкан. Келечекте курулуп калаар деген илгери үмүттөбүз», дейт ал.
Ал эми айыл жаштарынын бири Нурбек Маркабаев мында жалгыз-жарым өтүүдө ар кандай караандар көрүнүп турган сырдуу жер. Мындан ары Үч-Булак жана башка жайлоолорго барууга болот», - дейт ал.
Жети-Өгүздөгү Кызыл-Үңкүрдөн 1972-жылы «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» кийин «Курманжан Датка» киносу тартылган.