Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Түркиянын Стамбул шаарында жашап, каскадёр болуп эмгектенип жаткан Барчынбек Осмонов. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Осмонов Барчынбек Калысбекович 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу.
«№25 Мамбет Бекболотов атындагы орто мектебин аяктагам. Бала кезде Жеки Чандын кинолорун көп көрчүмүн. Чоңойгондо Жеки Чандай болуп экшн боевик, комедия жанрында тасма тартууну кыялданчумун. Окууну бүтүп, шаарга иштегени келдим. Ошол убакта Эрлан Жанышбеков жана Зияш Турдубеков агаларыбыздын видеолорун көрүп, аларга жолуксам дечү элем.
Бир күнү 7 метр бийик жыйылган чөптүн үстүнөн жерге артка айланып секирип түшөм деп, жерге туура эмес, катуу кулап түшкөм. Ал видеомду Эрлан Жанышбек агайым көрүп, мени өзүнө чакырып, шакирт кылып алды. Ошол күнү биринчи жолу «Человек дракон» деген тасмага каскадёр болдум. Азыр Эрлан Жанышбеков агайымдын артынан кыялдарыма четинен жетип бара жатам деп ойлом. Андан соң «Адам болчу», «Кайнене 2», «Жеңе» аттуу тасмаларда каскадёрлук жана дублёрлук кылгам», - деди ал.
Каарманыбыз 6 айдан бери Түркияда тартылган тасмаларда каскадёр болуп жатат. Алардын арасында «Салахаддин Айюби», «Султан Фатих Мехмет», «Курулуш Осмон» тарыхый тасмалары бар.
Ал тасмага тартылып жаткандагы эсте калган кооптуу окуя тууралуу айтып өттү.
«Ооба, кээде кооптуу абал болот. Бирок ошол трюкту аткарып жатканда кооптуу көрүнгөнү менен өзүнүн бир рахаты бар. Эң негизгиси туура жыгылганды билиш керек. Каскадёрлор жаракат алган учурлар көп болот. Андыктан тасма тартуу учурунда парамедиктер ар дайым жаныбызда жүрөт. Үйдөгүлөр каскадёр болуума каршы болуп жүрүштү. Атам азыр деле «койсоң боло балам, башка эле кесип тандачы» дей берет.
Түркиядагы сериалдарга тартылып жатканда бир окуя эстен кеткис болду. Ал жакында эле болду. Актриса бычакты мага ыргытымыш болуп, токтоп, анын ордуна жасалма бычакты ыргытыш керек болчу. Аны унутуп калган актриса мени көздөй бычакты чын эле ыргытып жиберип, өзү кошо чочуп кетти. Бычак оозума тийди. Оозумда брекетим бар болчу, ал бычырап кетти.
Келечекте максаттарым көп. Кыргызстанда «Барчын Чан» деген ат менен экшен комедия тартсам дейм. Ата-энемдин сыймыгы болгонго бардык аракетимди кылам. Мени досторум, байкелерим «Барчын Чан» же «Оо Чан, Жеки Чан» деп коюшат. Мен Жеки Чандын стилинде видео роликтерди көп тартам», - деди ал.