Turmush — Нарын облусундагы Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясы жыл ичинде 2,8 миллион сом киреше тапты. Бул тууралуу кинодирекциянын жетекчиси Бактыгүл Рыспай кызы билдирди.
Анын айтымында, кинотеатр жыл ичинде аткарган иштер тууралуу маалымат берди. Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары, айылдык кеңештин депутаттары, активисттер, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары катышты.
Театрдын жетекчилиги жыл ичинде 20 миңден ашык кардарды тейлеп, алар үчүн 40га жакын кыргыз тасмалары коюлду. Ошондой эле бир жыл ичинде өздүк эсепке 2 млн 800 сомго жакын киреше таап, анын 50%ы кино ээлерине которулганын айтып, ушул жылга кандай иштер жасаларына токтолду.
Ал эми облус башчысынын орун басары район акими Адыбек Набиевге райондук өнүктүрүү фондунан театрдын жылуулук тармагын жакшыртып, от жагууга өткөрүп берүүнү тапшырды. Себеби кышкы мезгилде электр жарыгы менен имарат жакшы жылыбай жатат. Ал эми бул жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти тарабынан бир катар каржылоо болуп, театрда кошумча залдар ачылып, LED-экрандар коюлат, аны менен катар эле жабдыктар жаңыртылары күтүлүүдө.
2024-жыл ичинде театрда 32 кино тасма коюлуп, көрүүчүнүн саны 20576 адамга жеткен. Алардын арасынан чоң адамдардын саны — 14790, балдардын саны — 5786. Учурда кино тасмалар бир эле театрдын ичинде эмес, көчмө жабдуулар менен ар бир айылдарды кыдырып, тасма коюлуп келет. Жайкы мезгилдерде тоодогу, жайлоодогу чабандарга чейин тартууланып жатты.
Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясы (Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатры) 2022-жылдын сентябрь айында райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 12 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөн. Кинодирекцияда жыл сайын жайкы жана кышкы мезгилге карата кино көрүүчүлөргө жакшы шарттар түзүлүп келет.
Жумгалда 1966-жылы демилге көтөрүлүп, жаңы имарат союз маалында салына баштаган. 1968-жылы «Жумгал райондук киноустановкалары» деп аталып, ишке берилген. Жалпы 16 кино орнотмо (установка) болсо, көчмө орнотмодон үчөө болгон. Жалпысынан театрда 44 штаттык бирдик иш алып барып, калкты кино жаатында тейлешкен. Нарындан айына 2 жолу кино жеткирилип турса, кызматтык 4 унаа менен ар бир айылды убак, сааты менен кыдырып, элге тасма тартууланган.
Андан кийин «Соң-Көл» кинотеатры деп аталып, 1970-2000-жылдары жалаң чет элдик тасмалар менен күбүнчө Голливуд тасмалары байма-бай коюлуп, кино көрүүчүлөрдүн саны 300-350 адамга жеткен. Ал кезде 1 айлык план 10 күндүн ичинде аткарылып турган. Кинотеатр бир эле учурда маданий очокко айланып, бардык иш-чаралар, жыйындар дал ушул жерден орун алган.
Театрда Кеңешбек Тургунбаев, Байжан Өмүралиев, Кыяз Иманова, Калипа Мамбетова, Кеңешбек Бокчубаев, Шарипа Исабекова, Аскераалы Мураталиев, Мунара Жумабаева, Тилек Апшекиров, Бактилек Жусупов өңдүү жетекчилер иштешкен.
Союз тарап, өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта ортодо жашоо-турмуш оорлоп, жакырчылык бел байлагандан бери кино көрүүчүлөр кадимкидей азая түшкөн. Кинотеатр 1996-жылдан тартып өзүн-өзү каржылоого өтөт. Ал мезгилде кинонун коюлуусу кескин төмөндөп, тасма көрүүчүлөр азайган. Анткени ар бир үйдө сыналгы пайда болот. Заманга жараша видеокасета, видеоплеер, ДВД өңдүү аппараттар чыга баштаган. Ошентип отуруп кийинчерээк имараттын эскилиги жетип, кино техникалар жараксыз абалга кептелген. 2001-жылы райондук маданият үйү кинотеатрга көчүп киришкен. Ал кезден бери кино коюлуп, маданий иш-чаралар өтүп, иш өз ыргагы менен уланып турган.
2011-жылы кинотеатр жеке тараптарга ижарага берилип, 2 жыл менчик катары иштеп, бирок өзүн актабагандыктан кайра мамлекетке өткөрүлгөн. Ошентип 2014-жылы кинодирекцияда Бактилек Жусупов эмгектенип турган мезгилде СССРдин эмгек сиңирген артисти, легендарлуу кино жана театр актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына карата анын ысымы театрга ыйгарылган. Ошол жылдартан тарта Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатры катары аталып келет.