Turmush — Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, институттар жана структуралык бөлүмдөр ортосунда спартакиада башталды.
Спорттук мелдешти университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Волейбол, стритбол, стол тенниси, тогуз коргоол, кичи футбол боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлерден куралган командалар катышууда. Мелдешке ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп жатат.
Спорттук иш-чара жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана кесиптик бирликтин демөөрчүлүгү астында окутуучулар арасындагы достукту, ынтымактыкты бекемдөө, дени сак жашоо образын түзүүгө үндөө максатында уюштурулуп келет.