Turmush — Айтматов районунун Бакыян айылынын 59 жаштагы тургуну Гүлмира Базарбаева төө буурчактан тамакка кошулчу паста жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, бул азыктар аскерлер үчүн абдан ыңгайлуу.
«Кесибим боюнча технологмун. Бирок ушул Бакыян айылында эле машинист болуп иштеп баштагам. Айылга депутат болдум. 2001-жылдан тарта эле атайын азык-түлүк долбоорлоруна катышып, чакан гранттар менен иштеп келе жатам.
Төө буурчактын идеясы Японияны долбоорунун алкагында ишке ашты. Бизди окутуп, сертификат тапшырды. Бизде төө буурчак көп өстүрүлгөн аймак болгону үчүн ушул продукт менен иштешем деп тандап алгам. Бул ишти 2020-жылы баштаган элек. Бул төө буурчак менен эрте жасалган тез даам 5 мүнөттө дайын болот. Мен өзүм дайыма айтам аскердеги балдарга абдан пайдалуу, өтө калориялуу тамак-аш. Азыктардын 150 грамм салмактагысы 280 сомдон сатылууда. Мисалы этти деле бир кишинин колунан алган жакшы да, таза бакканын көрөсүң, ишеничтүү. Ошондой эле бул азык дагы өзүбүздө өстүрүлүп, өзүбүз даярдап жаткан соң ишенимдүү. Этти дагы жогоруда айткандай ишеничтүү адамдан алабыз.
Мисалы ушул продукция менен чоң ишкана ачылса алдыга жылыш болот. Бул тамакка таттуу калемпир, помидор, сарымсак, сабиз, пияз, уйдун сулп эти жана башкалар кошулат. Ошол продуктуларды дыйкандардан өзүбүз эле жакшы баага алсак, бардык тармакка пайдалуу болмок деп ойлойм.
Келечекке абдан пландарым көп. Муну менен катар эле ар кимдин табитине ылайыктуу, бирок ушундай витаминдүү, пайдалуу кылып чыгаргым келет», - деди ал.
Ишкер айым 3 кыз, 2 уул, 8 неберенин апасы.