Turmush — 8-январда Ош шаарында таштандыга ыргытылган архивдик документтер боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган маалымат Turmush басылмасына чыгары менен Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгына тийиштүү чараларды көрүү боюнча кат жиберилген. Жыйынтыгында 9-январда Ош мэриясынын коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчилигине Укук бузуулар кодексинин 402-беренесинин негизинде архивдик документтерди мыйзамсыз жок кылуу фактысы боюнча 55 миң сом айып пул салынган.
Мындан сырткары Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жогоруда белгиленген окуяларга жол бербөө максатында 10-январында Ош шаарынын мэринин наамына сунуштама келтирилип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат.
Ошондой эле, бул фактыга түздөн түз катыштыгы бар мэриянын жана коммуналдык чарба башкармалыктын кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар Ош шаарынын прокуратурасында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүү үчүн Ош ШИИБге жиберилди.
Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Окуя боюнча:
Буга чейин Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайга Ош шаардык турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгына таандык болгон документтер ыргытылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирген.
Маалым болгондой, документтер Ош шаарынын С.Исраилов көчөсүндөгү таштанды таштоочу жайда ташталган.
Ал жерде Ош шаардык турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгы боюнча кагаздарды, жарандардын үй даректерин, жеке маалыматтарын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр мындай документтер ыргытылбай, купуялуулугу сакталып, өзүнүн эрежеси менен жок кылышыны керектигин айтышат. Ар кандай адамдар бар экендигин, кээ бирөөлөр өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп кетиши мүмкүн деген кооптонууларын билдиришти.
Ош шаардык турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Жаныбек Абдилаким уулунун айтымында, ыргытылган кагаздар «черновой вариант» болушу мүмкүн.
«Биз акыркы 3 жылдагы документтерди архивге өткөрүп бергенбиз. Ыргытылган документтер «черновой вариант» болушу мүмкүн. Бул боюнча дагы тактап көрөйүн», - деди ал.
Инструкция боюнча, сактоо мөөнөтү бүткөн иш кагаздар комиссиянын катышуусунда жок кылынууга жатат. Мамлекеттик ишканаларга тиешелүү архивдик иш кагаздарын таштандыга ыргытууга болбойт. Мындай иш-аракет мыйзамсыз болуп саналат жана тиешелүү эрежелерди бузуу деп эсептелет.
Архивдик иш кагаздарды жок кылуу тартиби төмөнкүдөй болушу керек:
1. Документтердин мөөнөтүн аныктоо: Архивдик документтердин сактоо мөөнөтү алдын ала аныкталышы керек. Бул мөөнөт ишкананын архив иштери боюнча нускамасында көрсөтүлөт.
2. Атайын комиссия түзүү: Документтерди жок кылуу үчүн атайын комиссия түзүлөт. Комиссия документтердин мөөнөтү бүткөнүн жана баалуулугу жок экенин тастыктоосу керек.
3. Акт түзүү: Жок кылууга жаткырылган документтердин тизмеси боюнча акт түзүлөт. Акт мыйзамдуу органдар тарабынан бекитилиши керек.
4. Атайын шарттарда жок кылуу: Документтерди өрткө коюп же документтерди майдалап жок кылуу (шредер аркылуу) сыяктуу коопсуз ыкмалар колдонулат. Архивдик документтер жөн эле таштандыга ыргытылбашы керек.
5. Коопсуздук жана купуялык: Архивдик документтерде жеке маалымат же мамлекеттик сыр болгон учурда, алар өзгөчө шарттарда жана купуялык сакталып жок кылынышы керек.
Эске салсак, шаардык турак-жай коммуналдык чарба башкармасынын имараты 16 жылдан кийин сүрдүрүлгөн.
Кийинчерээк Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Оштогу таштанды жайынан табылган документтер тууралуу комментарий берген.
Агенттиктин маалыматына караганда, документтер Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасына таандык. Агенттик бул факт боюнча материалдарды Ички иштер министрлигине документтер таштандыга ташталган жагдайларды аныктоо жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 228-1-беренесине ылайык чара көрүү үчүн жөнөткөн.
228-1-берене. Жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бузуу
Электрондук документтерди, жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды коргоону уюштуруу боюнча талаптарды бузуу, ошого тете мындай маалыматты укукка каршы колдонуу, үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана берүү,-
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 000 миң сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.