Turmush — Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургуну Сайрагүл Жумабаева 20 жылдан бери тигүү машиналарын оңдоп, устачылык менен алектенип келет. Ал Turmush басылмасынын кабарачысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.
Сайрагүл Жумабаева акыркы үлгүдөгү тигүү машиналарына чейин оңдоп, Ош жана Баткен облустарынан кардар тапты. Өзүнүн айтымында, күнүнө 5-6 тигүү машинасын оңдойт. Буга чейин бир нече шакиртине да өнөрүн үйрөткөн. Учурда жанындагы 3 жумушчу менен чогуу иштешет.
«Устачылык тубаса талант экен. Себеби окутуп көрдүк, адамдын дээринде болуш керек экен. Мен өзүм сүрөтчүмүн. Техникага жакын болгондуктан устачылыкка алып келди. Кол машина, кап тиккен, заманбап тигүү машиналардын бардык түрүн оңдоп келем. Оштон Баткенге чейин кардарлар бар. Убагында бул жумушту таштап да көрдүм, кардарлар койбоду. Азыр да көпчүлүк учурда жанымдагы балдар иштешет. Илгертен келген кардарлар суранышып, өзүм карап берем», - дейт ал.
Каарманыбыз алгач кардарлар аял киши деп таң калып карашса, азыр эми ишеничтүү деп тынымсыз келип турушарын айтат. Анын чакан устаканасында тигүү машиналарынын бир нече түрлөрү, керектүү шаймандар да бар. Оңдоп-түзөөдөн сырткары кардарларына тигүү машиналарын алдырып да берет.
«Алгач устаканам базардын бир четинде болчу. Анда жалаң эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзчүбүз. Азыр эми бир аз кеңейтип, жайыбызды алмаштырып алдык. Бул өнөрдү аркалап жатканыма 20 жылдан ашты», - дейт ал.
Сайрагүл Жумабаева айрым кардарлар жашыруун сүрөткө, видеого тартып кетерин айтат.
«Бир кардар башка жактан тигүү машинасын алган экен. Бузулуп калганын айтып, «Портерге» жүктөп келиптир. Машинкасын «Портерден» түшүртпөй эле өзүм чыгып карасам, ийнесин тетири салыптыр. Аны оң кылып салып, унаанын үстүндө эле иштетип бергем. 400 сом болгонун айтсам, күлүп жатып калышкан. Атайын Кадамжайдан келишсе, 400 сомдук кемчилик деп күлүшкөн.
Бир эже кол машинкасын оор болуп жатат деп келген. Бир тетигин көтөрүп коюп эле иштетсек, иштеп кетсе, «ошого да башым жетпептир» деп күлүп кеткен. Атайын келгенин айтып, 200 сом берген.
Өндүрүштүк машинкаларды жайына барып ондойбуз. Уста сурашса балдарды жөнөтөм. Кадамжайдын Тамаша айылындагы бир эже «үйүмдө эркегим жок, моторду кантип чечем?» дейт. Ага эркектин кереги жок экенин айттым. Кол машинка экен, оңдотуп кеткен.
Анан мага келген кардарлар аял киши экен деп таң калып карашат. Мага билдирбей сүрөткө, видеого тартып кетишет. «Айтсам ишенбейт» деп да тартышат», - дейт Сайрагүл Жумабаева.
Ал учурда 57 жашта. Бир кыз апасы, эки неберенин таенеси.