Turmush — Turmush басылмасы Кыргызстандын булуң-бурчундагы жан-жаныбарлардын жана канаттуулардын видеого тартылып алынган учурларын топтоду.
2024-жылдын июль айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө зыян келтиргендерге карата айыптын өлчөмү көбөйтүлгөнүн билдирген.
Төмөнкү жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга карата айып пулдун баасы көбөйдү:
- ак илбирс — 2 млн сом (мурда 1,5 млн сом болчу);
- аркар, күрөң аюу, марал, жейрен — 1,5 млн сом (мурда 1 млн сом болчу);
- кийик — 300 миң сом (мурда 100 миң сом болчу);
- элик — 100 миң сом ( мурда 50 миң сом болчу).
-----------------------------------------
Нарын облусунун Кочкор районунун Көл-Үкөк аймагында 3 ак илбирсти видеого тартып алышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасына Таалай Осмоналиев билдирген.
Анын айтымында, ак илбирс эки баласы менен Көл-Үкөк аймагында 2-3 жылдан бери фотокапкандарга түшүп жатат.
«Илбирстер төлдөгөндө балдары мажүрөө болуп, өлүп калуусу мүмкүн. Энеси балдарын көрсөтпөй эки-үч жыл багат. Эркегине да көрсөтпөйт. Эгер эркеги көрүп калса, балдарын жеп салуусу мүмкүн. Мына Көл-Үкөк аймагындагы эки бала илбирс энеси менен бирге аң уулап, тамак таап жегенге жарап калыптыр. Жалпы Кочкор өрөөнүндө фотокапканга түшкөн боюнча санасак, болжол менен 17 ак илбирс бар. Мүмкүн фотокапкандар коюлбаган аймактарда да болушу мүмкүн», - деген Таалай Осмоналиев.
Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөз бар!
-----------------------------------------
Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө карышкыр күч болуп, аны жок кылууга жардамга бараткан топтун алдынан аркар чыккан.
«Аркар Сырт өрөөнүнө бара жаткан жолдо Сөөк ашуусунан түшө бергенде кезиккен», - деп айтылат маалыматта.
Маалымдама:
Карыган аркар жалгыздан же кичинекей топ болуп жүргөндү артык көрүшөт. Тынч жерлерде күндүз, ал эми браконьердик күчтөр өнүккөн жерлерде түнкүсүн тиричилик кылышат.
Көбүнчө чөп өсүмдүктөрү менен азыктанышат. Жыныстык жетилүүсү 2,5 жаш курагында болот. Куут ноябрь-декабрь айларына туура келет. Апрель-май айларында бир же экини тууйт. Балдары энесинин сүтү менен октябрь, кээде андан да кечирээк убакка чейин тамактанышат.
Аркарлардын санынын аныктоочу негизге факторлор — браконьерлик, калың карлуу кыш. Табигый душмандары — карышкыр, илбирс кээде аюу болуп эсептелет.
-----------------------------------------
Ош облусунун Кара-Суу районунда качып жүргөн эликти видеого тартып алышкан.
Жашоочулар бийик тоолордо жашаган жапайы жаныбар айыл аралап жүргөнүн көрүп, таң калышкан. Алардын айтымында, окуя 20-октябрда Кара-Суу районунун Калинин колхозу деп аталган аймагында болгон.
Эликтер — бугулар тукумундагы кийиктердин бир уруусу. Алардын эки түрү бар: кадимки элик, Сибирь элиги, Кыргызстанда акыркы түрчөсү кезигет. Эликтин түлөй элек баласы чаарчык деп аталат. Куран — эликтин эркеги. Телки — эликтин ургаачысы.
-----------------------------------------
Нарын облусунда экспедиция учурунда аюу жана ак илбирсти көрүүгө мүмкүн болгон. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий иштер боюнча директордун орун басары Жолдошбек Кырбашев билдирген.
Анын айтымында, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 18-28-июль күндөрү чет элдик эко ыктыярчылар менен биргеликте илимий-агартуучулук экспедиция уюштурулган.
«Экспедиция учурунда өткөн жылы коюлган фотокапкандардын маалыматы алынды. Ошондой эле жапайы жаныбарларга байкоо, мониторинг иштери жүргүзүлдү. Анда аюу, илбирс көргөнгө мүмкүнчүлүк болду», - деди ал.
-----------------------------------------
Ысык-Көлдө токой корукчуларынын үйүнө үчүнчү ирет аюу кирген. Бул тууралуу Кыргызстандын «Ак илбирс» фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу маалымдаган.
Маалыматка караганда, аталган корукта корукчулар лагери жайгашкан. Аюу бул жакта эч ким жок учурда төртүнчү ирет кирип, мындагы тамак-аштарды чачып жеп кеткен. Корукчулар фотокапканын коюшкан.
-----------------------------------------
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы фотокапканга аюу, тоо теке жана карышкырлар түшүп калган. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Эркин Абдыбалиев билдирген.
Анын айтымында, 2016-жылдан бери фотокапкандар менен жапайы жаныбарларга мониторинг иштери жүргүзүлүп келет.
«Фотокапкандардын жардамы менен коруктун төмөн жагында жапайы эчки-теке жана илбирстин ареалы (таралуу аймагы) такталды. Жыл сайын көрсөтүлгөн аймактан жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүлүп келет», - деп айтылат маалыматта.
-----------------------------------------
Ош облусунун Чоң-Алай районун байырлаган жаныбарлар фотокапканга түшкөн. Токойчу Исмайыл Ташматов сүрөттөр менен бөлүшкөн.
Чоң-Алай районундагы тоолорго 2022-жылы бейөкмөт уюмдар тарабынан токойчулар менен биргеликте фотокапкан коюлган. Бул жолу фотокапканга ак илбирс, улар, тоо эчкилери жана аюу түшкөн.
-----------------------------------------
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинен аркарларды видеого тартып алышкан.
«Аркарлар бири-бири менен сүзүшүп, алдыңкы туяктарын көтөрүп, кубалашып ойноп жатышты. Алардын адамдар жүргөн аянтка коркпостон жакындап, өздөрүн эркин алып жүргөнү суктандырбай койгон жок. Баарынан да алардын бууралган мүйүздөрү көңүлдү бурду», - дешкен алар.
Кумтөргө баруучу жолдо күбөлөр аркарды видеого тартып алышкан.
«Биз өтүп баратканда жолдун жээгинде сымбаттуу жаныбар туруптур. Унааны токтоттук. Бирок аркар корккон жок. Бир орунда туруп берди. Анын видеого тарттык. Андан кийин акырындык менен сапарын улады», - деп билдиришкен күбөлөр.
-----------------------------------------
Бакай-Ата районунун Табылгыты өзөнүнөн аркар-кулжалардын үйүрүн видеого тартып алышкан. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Батыркан Кутманалиев билдирген.
Маалым болгондой, алар жапайы жаныбарларга тоют таштап жүрүшкөн.
«Биз учурда тоо этектерине жем, чөп таштап жүрөбүз. Бул иш-чаралар кышында тоо теке жана башка жаныбарлардын тоюту үчүн жасалат. Ошол учурда 100 метр аралыкта аркар-кулжалардын үйүрүн тартып алууга мүмкүнчүлүк болду. Болжолдуу 15тей экен», - деп билдирген ал.
-----------------------------------------
Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө аркардын үйүрүн видеого тартып алышкан.
Видео Аксайлуу-Тор жана Кичи-Котур деген жерлерден тартылган.
«Нарындын Ак-Сай өрөөнүнүн Аксайлуу-Тор жана Кичи-Котур деген жерлерден тартылган. Бул жерде эчки, теке, аркар-кулжа баары бар. Алар чуркап бара жатканын видеого тартып алдым. Өзгөчө көрүнүш, жанынан көргөндө аябай суктанасың», - деген видеонун автору.
-----------------------------------------
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын тоолорунда карышкыр байкалган.
«Биз тоонун арасындагы жол менен бара жатканбыз. Бир маалда бир чоң жырткыч бурулуштан секирип чыгып, жолду бойлой чуркап жөнөдү. Аны кууп жетип, карышкыр экенин көрдүк. Боз жырткыч жолду бойлой тез чуркап бара жатты. Тоолуу жолдо карышкыр менен жарышканды токтотууну туура көрдүк. Ал аскага жашынган бойдон көздөн кайым болду», - деген окуянын күбөлөрү.
-----------------------------------------
Нарын облусунун аймагында да карышкыр күч алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришкен.
Алардын айтымында, видео Долон ашуусунан түшүп келе жатканда Кара-Үңкүр айылына жетпей тартылган.
«Карышкыр суудан өтүп келе жаткан. Бизди көрөрү менен үркүп, ары жакка кетип калды. Былтыр туулган жаш карышкырдай туюлду», - деген алар.
-----------------------------------------
Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну карышкырдын үйүрүн көрүп, видеого тартып алган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирген.
Кочкор районунун тургуну Жоодарбектин айтымында, Баба-Атанын күн батыш жагындагы Чаар-Арча деген тоодон карышкырдын үйүрүн көргөн. Аларды санаганда жалпы 8 карышкыр болгон.
-----------------------------------------
Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө жергиликтүү тургундар карышкырлардын үйүрүн байкашкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирген.
Алардын айтымында, карышкырлар капчыгайдан түшүп келишкен.
«Бир нече карышкыр тоо боорунан курчап турган аймакты карап турушуп, андан кийин унаа менен кош чуркап жөнөштү. Адегенде бир карышкыр унааны басып өтүп, алдыбыздагы жолду кесип өттү. Андан кийин экинчи карышкыр да ушундай кылды. Жырткычтардын айланасында жолдор көп болчу. Бирок алар эмнегедир адам менен атаандашуу жолун тандап, жеңишке жетишти окшойт», - деп билдиришкен күбөлөр.
-----------------------------------------
Ош облусунун Алай районунда карышкырдын 8 бөлтүрүгү тирүү кармалган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирген.
Анын айтымында, жергиликтүү мергенчилер бөлтүрүктөрдү 2-май күнү Алай районунун Тилектеш айыл аймагына караштуу Үч-Чат айылында карышкырдын үңкүрүнөн тапкан.
«Буга чейин жергиликтүү тургундардын козу, улактарын карышкыр жеп кеткен. Эне карышкыр атылып, бөлтүрүктөрү алынды», - деген ал.
- КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.