Turmush — 2024-жылдын ичинде Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жыл жемиштүү жыл болду. Шумкар-Уянын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Айыл аймактагы жолдордун абалын жакшыртуу максатында Шумкар-Уя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 76 млн 139 миң 884 сомго Кара-Ой айылынын 5054 метр унаа жолуна асфальт басылды. Буга кошумча Чоң-Токой айылында 2500 метр аралыкка асфальт басуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Буга чейин техникалардын тартыштыгынан өз убагында иш алып барууда бир топ кыйынчылыктар жаралып келгендиктен «Калыстык» муниципалдык ишканасына
• 1 Хово — 4 млн 999 миң сомго алынды;
• 1 кичиавтобус — 3 млн 200 миң сомго алынды;
• 2 экскаватор -7 млн 400 миң сомго алынды;
• 1 пикап — 2 млн 800 миң сомго алынды;
• 40 орундуу электр автобус — 16 млн 920 миң сомго алынды;
• 2 (чөп чапкан) техника - 8 млн 490 миң сом алынып, 2 жумуш орун түзүлдү.
• 1 даана кичи автобус («Спринтер») - 2 млн 388 миң сомго алынды;
• 15 млн 900 миң сомго Суусамыр жайлоосун каптап кеткен алтыгана бадалдарын азайтууга багытталган «Ротоватор» трактору алынды. Анын натыйжасында бир канча жаңы жумуш орундар түзүлдү.
Айыл тургундары үчүн заманбап жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны түзүү максатында Шумкар-Уя айыл аймагына 40 орундуу электробус алынды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 16 млн 920 миң сом акча сарпталды. Аталган электробус күйүүчү май менен жүргөн автобустарга салыштырмалуу каражатты бир топ үнөмдөө артыкчылыгына ээ. Бүгүнкү күндө аталган электробус Шумкар-Уя - Талас каттамы үчүн кызмат кылууда.
Талас районунун Сасык-Булак айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 59 млн 800 миң сомго Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу иштери башталды. 2 кабаттуу имаратта калкты тейлөө борбору (ЦОН), банктар жана айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин кеңсеси жайгашат.
Айыл аймактагы Талды-Булак, Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынын айыл башчыларына 5 даана электроскутер алып берилди. Мындай аракет элет жеринде айыл элин ыкчам, жеринен барып тейлөө максатында ишке ашты.
2024-жылдын башында 6 айга мамлекеттик «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна 250 млн сом депозитке коюлуп, натыйжада 8 млн 270 миң сом таза киреше түштү.
Билим уяларын заманбап талаптарга келтирүү максатында 36 млн 790 миң 690 сомго Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев орто мектеби капиталдык оңдоодон өттү. 20 млн 139 миң 430 сомго Жумагул уулу Алымкул орто мектебинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты чечүү демилгеси менен Сасык-Булак айылында наркы 72 млн сомду түзгөн 120 орундуу бала бакча курулууда.
Окуучулардын жагымдуу шартта билим алуусу үчүн 3 млн 301 миң 630 сомго Талды-Булак айылындагы М.Туйтунов атындагы орто мектебинин чатыры толугу менен алмаштырылды.
Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектептин 11-класстын бүтүрүүчүсү Адинай Хаписова «Алтын тамга» кызыл аттестатына татыгандыгы үчүн айыл өкмөт тарабынан мектепке «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаасы тапшырылды.
Жеке ишкерлер тарабынан Кара-Ой айылына 70 орундуу тигүү цехи курулуп, ишке берилди. Кара-Ой айылында жалпы наркы 29 млн 243 миң 990 сомду түзгөн жаңы спорт комплекс пайдаланууга берилип, 2 жумушчу орун түзүлдү. Буга кошумча 6 млн 333 миң 415 сомго Б.Чойбеков атындагы тарых музейи ачылып, 2 жумушчу орун түзүлдү.
Талды-Булак айылында Муратбек уулу Береке атындагы күрөш залы толук оңдоп-түздөөдөн кийин жаңыланып ачылды. Анда спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлдү. Оңдоо иштерине 1,4 млн сом акча сарпталып, күрөш залы үчүн керектелүүчү спорттук инвентарлар 600 миң сомго алынды. Каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин жаркын элесине арналып өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөш боюнча ири масштабда (U15) «Асанбек Оторбаев – Шумкар-Уя» эл аралык турнири өттү. Спорттук иш-чара Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага «Альянс Алтын» компаниясы демөөрчүлүк көрсөттү. Аталган мелдеште 1000ге жакын өспүрүм балбандар күч сынашты.
Айыл тургундарынын таза суу менен камсыздоо максатында 67 млн 100 миң сомго Сасык-Булак айылы таза суу түйүнүнө кошулду. Азыркы тапта 38 млн 200 миң сомго Кеңеш айылында, 37 млн 200 миң сомго Чоң-Токой айылында таза суу киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Шумкар-Уя айыл аймагында ирригация системасын жакшыртуу, сугат жерлерди жеткиликтүү суу менен камсыздоо жана суу коромжосун азайтуу аракеттери жүргүзүлдү. Атап айтканда айыл аймактагы 4 айылга жалпы 30 км аралыкты камтыган 5 арык бетондолуп жасалды.
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун «Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында Шумкар-Уя айыл аймагынын 5,5 гектар жер аянтына 5000 даана кайыңдын көчөттөрү тигилди.
Айыл тургундарын интернет менен камсыз кылуу максатында 8 млн сомго Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айылдарына интернет киргизилип, 4 жумушчу орун түзүлдү.
Жарнамаларды жол боюна илбей, заманбап шартта LED экранга алып чыгуу боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Шумкар-Уя айыл аймагынын унаа жол боюна LED экран орнотулду. LED экрандан азыркы тапта түрдүү социалдык роликтер, жарнамалар жана башка видеолор көрсөтүлүүдө. Ал үчүн 6 млн 633 миң 929 сом жумшалды.
Түнкү убакытта кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Талды-Булак айылынын тарта Кара-Ой айылына чейин 25 чакырым жол жарыктандырылды. Ал үчүн 15 млн 629 миң 884 сом сарпталды. Натыйжада жол кырсыктарынын саны кескин кыскарып, айдоочулардын түнкү убакытта жолдо жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Шумкар-Уя айыл аймагындагы электр чубалгыларын жаңыртуу үчүн Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарындагы жаңы конуштарга столба карагайлар алынып, электр чубалгылары тартылды. Ал үчүн 9 млн 517 миң сом сарпталды.
Айыл аймактын тазалыгын камсыз кылуу үчүн экологиялык талаптарга ылайык, Кара-Ой айылына караштуу Дыйкандын-Коосу өзөнүнө 27 млн 579 миң 803 сомго таштанды таштоочу полигон курулуп ишке берилди.
Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылында Сагынбек Бекназаров атындагы ат майдан жаңыланып ачылды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 769 миң 874 сом каржыланды. Оңдоо иштеринин алкагында жарыктар орнотулуп, көрүүчүлөр үчүн атайын үстү жабылган орундуктар жасалды. Мындан тышкары ат майдандын бети талаптагыдай тегизделип, пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу жана элет жеринде жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында учурда Кара-Ой айылында 30 жумушчу орунга ылайыкталган кыз-келиндер үчүн тигүүчү цех курулууда.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган долбоорлорду толук кандуу ишке ашыруу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аягына чыгаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.
---------------------------------------
Быйыл Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн. Шумкар-Уя Талас облусундагы эң бай айыл аймак болуп саналат. Анын аймагында Жерүй алтын кени иштейт. 2021-жылы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети 59 млн 503 миң 900 сомду, 2022-жылы 152 млн 539 миң 200 сомду түзгөн. 2023-жылдагы бюджет 227 млн сомго жетип, бул жылы 240 млн сомду түздү.