Turmush — Ош технологиялык университетинде 2025-жаңы жылды утурлай салатанаттуу жаңы жылдык кече өткөрүлдү.
Окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Майрамдык кеченин жүрүшүндө инновациялык маалымат технологиялар институту тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана концерттик программалар менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.
Иш-чарада окуу жайдын өнүгүшүндө талбай эмгек кылып, салым кошуп жатышкан окутуучулар, кызматкерлер ОшТУнун ардак грамотасы, «КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун мыктысы» төш белгиси, окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин 5000 сомдон акчалай сыйлыктары, Scopus, Web of Science дүйнөлүк маалымат базалары тарабынан индекстелген илимий басылмаларында илимий макалалары жарык көргөн илимпоздор, докторлук, кандидаттык ишин коргогондор акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жыл жыйынтыгы чыгарылып, университеттин мыктылары аныкталып, жетекчилик тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан сырткары жамаат үчүн лоторея ойнотулуп, женүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чара окуу жайдын жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети, инновациялык маалымат технологиялар институту тарабынан уюштурулду.