Turmush — Ош технологиялык университетинде көргөзмө өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, архитектура, дизайн жана графика кафедрасында архитектура жана ДАС адистиктери боюнча студенттердин курстук долбоорлорунун жана көркөм сүрөт, композиция боюнча чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулду. Мында кафедра өзүнүн чыгармачылык жана илимий потенциалын көрсөттү.
Бул иш-чарада студенттердин курстук долбоорлору, сүрөт жана композиция боюнча жасалган эмгектери, жандуу талкуулар жана көркөм көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Институттун директору жана кафедра башчысы, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
«Курсттук долбоорлор жана көркөм сүрөт тармагындагы кызыктуу иш- аракеттер, чыгармачыл билимдер жана студенттердин жасаган эмгектери АДжГ кафедрасынын ийгиликтүү багытта өсүп келе жаткандыгын көрсөтөт», - деп айтылат маалыматта.