Turmush — Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков менен студенттердин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Аталган жолугуушунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын татыктуу билим алуусуна жогорку деңгээлдеги шарттарды түзүү жана коррупциянын алдын алуу болуп саналат.
Ректор студенттер менен болгон жолугушууда ар бир студентке өзгөчө көңүл бурулуп, алардын мыкты адис болуп чыгуусуна, келечекте өз ордун татыктуу табууга университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар жамааты болгон күч-аракеттерин жумшап жатканына токтолду. Ошондой эле жемкорлуктун алдын алуу максатында окуу жайда ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатканын айтып, студенттерди окуу төлөмдөрүнөн сырткары эч кимге акча бербөөгө үндөдү.
Мындан сырткары университеттеги бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча кенен маалымат берди.
Соңунда ректор Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде жыл ичинде окууда, спорт тармагында, маданий-массалык, коомдук иш-чараларда, шаардык, облустук, республикалык, эл аралык ар кандай багыттагы таймаштарда ийгилик жаратып, окуу жайдын атын чыгарган студенттерге окуу жай тарабынан акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары 10 студентке Батыралы Сыдыков атындагы стипендия ыйгарылды.