Turmush — Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылынын тургуну Аскар Болот уулу кичинесинен бери мергенчиликке кызыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Ал 1990-жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсү.
«Учурда Лахол айылында жашайбыз. Айылда иш жок болгондуктан мал чарбачылык менен алектенебиз. Мектепти бүтүп эле айылда атам, апамдын жанында калдым. Жогорку окуу жайга деле окуган жокмун.
Мергенчиликке кичинемден бери кызыкчумун. Бирок мыйзамдуу мылтык алып мергенчиликке 2011-жылдан баштап чыга баштадым. Менин кызуугумду колдогон атама ыраазымын. Анын жардамынын аркасында чоң сайлуу мылтыкты 3, 4 жыл аракет кылып жүрүп алдым. Ар бир адамдын өзүнүн кызыгуусу болот да, мен болсо ушул жолду тандадым. Апамдын айтымына караганда, убагында таятам көзгө атаар мыкты мергенчи болуптур.
Бул мергенчилик өзүнчө бир оору сыяктуу. Каардуу суук болуп, каар жаап жатса дагы таң атпай тоонун башына барасың. Ал жакка жаныңда жүргөн жоро-жолдош, досторуң менен барсаң кызыктуу учур көп болот», - дейт мергенчи Аскар Болот уулу.
Каарманыбыз мергенчилик кылып, элдин батасын алат.
«Бир жолу убара болуп суукта 1 карышкыр атып үйгө сүйүнүп жетип келсем айылдаш байкенин 1 тайын карышкыр жеп кетиптир. Ал байке айтат "ырас эле атыптырсың, өчүм бар эле 1 литр бензин берчи өрттөп жиберейин" деп күлдүргөн. Былтыр кышта 8 карышкыр аткам, быйыл жакында эле экөөнү аттым.
Жайкысын коюбузду багып, бээбизди саап жайлоого чыгабыз. Биз жакта карышкыр көп. Элдин кызматын кылып, мал жандыгын жебесе экен деп, мергенчилик кылабыз», - деди ал.
Келинчеги Саадат экөө 2 эркек, 1 кызды тарбиялап келишет. Улуу баласы 4-класста, кызы бала бакчага барат.
- КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.
2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.
Райондор боюнча:
- Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом);
- Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом);
- Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом);
- Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом);
- Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.