Turmush — 22-декабрь — Энергетиктердин күнүнө карата Ош технологиялык университетинде энергетика жана транспорт институту тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, институттун жамааты, институтта билим алып жаткан студенттер, «Ош электр тармактары» ишканасынын, «Ош жылуулук борбору» ишканасынын, «Ош свет» ишканасынын, «Ош жылуулук» камсыздоо ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышында ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов сөз сүйлөп, бул кесиптин бүгүнкү күндө эң керектүү, келечектүү, кесип экендигин белгилеп, бул тармакта эмгектенген адистер азыркы мезгилде Кыргызстандын өндүрүш тармагынын эң оор тармагында эмгектенип жаткандыгын айтты. Университет жетекчилиги тарабынан майрамдык кутуктоолор айтылып, окутуучуларга, студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.
Ош шаардык кеңеши, «Ош жылуулук борбору» ишканасы жана «Ош жылуулук камсыздоо» ишканасы тарабынан институтта эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.
Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду. Майрамдык иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарын тапшырып өттү.
Ош технологиялык университетинин энергетика жана транспорт институту жогорку квалификациялуу энергетика багытындагы адистерди даярдап келет.
Ал эми тележурналист, фиололоия илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбек кызы Элдик курултайда Ош технологиялык университинин энергетика тармагындагы ийгилиги катары күндөн энергия алуучу панель кургандыгын белгиледи. Бул демилгени Ош шаарынын мисалында жайылтуунун механизмин сунуштады. Ар бир мамлекеттик мекемеде күндөн энергия алуучу панелдерди коюу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана үзгүлтүккө учуратпай ишке ашырууга боло тургандыгын белгиледи. Президенттен энергетика министрлиги тарабынан ОшТУга лицензия берип, жолго коюу сунушун койду.
«Чынында эле калкты тейлөө борбору, электрондук кызмат көрсөтүү билим берүү жана башка энергия үзгүлтүгүнөн улам узун кезек болуп, жол чырактар жанбай жол коопсуздугу бузулууда. Ош шаары күнөстүү аймак болгондуктан бул көйгөйдүү чечүү мүмкүнчүлүгү реалдуу», - деди ал.
Эскерте кетсек, Ош технологиялык университети 2023- жылы өз күчү жана каражаты менен окуу жайлардын ичинен 1-болуп кичи ГЭС жана күн панелдерин орноткон.
Ош шаарынын аймагында дарыялардын агымы жана жайгашышы ГЭС курууга ыңгайсыз деп эсептелинет.