Turmush — Ош технологиялык университетинде окуу бөлүмүнүн карьера борборунун башчысы Махабат Ибраева тарабынан окуу жайдын студенттери үчүн жумушка орношуу жана резюме түзүү боюнча атайын тренинг өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага HR адис Айгерим Орозаалыева келип, окуу жайдын студенттери менен жолугуп, жумушка орношуу боюнча маалымат берди. Ошондой эле программанын алкагында тигүү цехине окууга жана стажировкага чакырып, алдыңкы 10 студент жумушка тандалып алынарын айтты.
Тренер ѳз тажрыйбасы менен бѳлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.