Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде билим алып жаткан студенттер менен шаардагы укук коргоо кызматкерлери жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууга Ош шаарынын прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору, юстициянын майору Койчуман уулу Талантбек, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн 4-ШМБнун башчысы, милициянын капитаны Шумкар Абдиев, Ош ШИИБдын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жашы жете электердин иши боюнча улук тескөөчүсү, милициянын майору Нуржамал Алымкулова, Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын ЖИИнин аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Алмазбек кызы Бермет жана гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар турмушуна жаңыдан аралашып жаткан студенттерге өзүн-өзү алып жүрүү иштери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жаштардын ар кандай жаман окуяларга аралашпоо, коомдук жайларда эрежелерге ылайык жүрүү, учурда жүз берип жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын-алып, аларга катышпоого аракет кылуулары керектиги айтылды. Ар кандай провакациялык көрүнүштөргө аралашпай, жакшы жүрүм-турум менен сабакты мыкты окуп, улуулардын тарбиялык акыл-насааттарын угууга чакырышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.