Turmush — Деңиз деӊгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан Түп районундагы Каркыра айылында инфратүзүм жакшыртылып жатат. Социалдык мекмелердин жаӊы имараттары курулуп, айрым объектилер эшигин ачты.
2024-жылы Каркыра айылында футбол аянтча ачылып, 150 орундуу эки кабаттуу жаӊы мектептин курулушу жүрүүдө. Социалдык мекемелер менен катар инфратүзүмдүк шарт жакшырып келе жатканын айыл тургундары билдиришти.
«Мен үй-бүлөм менен Каракыра айылында 1985-жылдан бери жашайм, учурда ардагермин. Советтер союзунда жолдошумдун жумушуна байланыштуу жайлоого көчүп келип, отурукташып калдык. Ал мезгилде эч бир имарат жок эле, убактылуу вагондо жашаганбыз. Мектеп маселесинен улам балдарыбызды шаар жергесинде окуттук. Мына эми азыр эӊ жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Айылыбызда мечит, ФАП бар, жакында эле футболдук кичи аянтча ишке берилди. Алдыда эки кабаттуу мектептин курулушу аяктаса, билим берүү тармагында көӊүл кубанарлык жаӊылык болот. Акырындык менен чакан айылыбыз шаарчага айланып, туризм менен дүйнөнүн бардык тарабына таанымал болобуз деген үмүтүбүз бар», - деди жашоочу Марина Алиева.
Элетте жалпы 42 кожолук туруктуу жашайт. Ал эми жай мезгилинде жергиликтүүлөрдүн саны мындан да арбын болот.
Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаевдин айтымында, чек ара айылында соӊку жылдардан бери өзгөрүү болуп, жайкысын бээ сүтү менен ден соолукту чыӊдаган эс алуучулардын агымы көбөйүп, жеӊил конструкция менен конок үйлөр салына баштады.
«Бийик тоолуу аймакка кирген Каркыра жайлоосун ата-бабалар басып өткөн тарыхый жер деп айтып, ар дайым сыймыктанып келебиз. Советтер союзу тарагандан кийин айылыбыз чакан кыштакка айланып, мал чарбачылыгы менен турмуш уланып келген. Мына акыркы эки жылдан бери Түп—Кеген жолу реконструкцияланып, жайлоого каттаган туристтердин агымы көбөйө баштады. Мүмкүнчүлүккө жараша жеӊил конструкция менен конок үйлөр курулуп, ички жана сырттан келген туристтерди кабыл алууда. Жылда келген эс алуучулар сүт ичип, ат минип, таза абада сейилдеп, көӊүлдүү эс алып кеткени бизди да кубандырат. Келечекте тоо лыжа база курулса, өсүп келе жаткан жаштар жумуш орун менен камсыздалып, кичи мекенибиздин социалдык-экономикалык абалы алдыга жылат. Каркыра айылынын тургундары үчүн бардык муктаждыктар чечилип келе жатат. Алдыда мектеп ишке берилсе, бала бакчанын курулушу калат», - деди Черикбаев.
Түп району боюнча эӊ чоӊ долбоордун бири болуп эсептелген тоо лыжа базасы ишке кирсе, 4 мезгил бою эс алуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетет. Ал арада Каркыра айылын этно шаарчага айланып, жашоочулардын саны көбөйөрү күтүлүүдө.
«Жол оңолсо, иш оңолот дегендей, Каркыра жайлоосунун жолдору салынып, аялдама, жарыктандыруу системасы кирүү алдында турат. Туризмди өнүктүрүү үчүн чет мамлекеттен келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарт түзүү аракетиндебиз. Бул багытта Каркыра айылынын да муктаждыктары чечилип келе жатат. 2023-жылы таза суу кирген, электр жарыгы, интернет түйүнү туташтырылган. 2025-жылы жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, бала бакча маселеси гана калат. Учурда жер мунапысы боюнча такталып, бөлүштүрүлүүдө. Жер тилкеге ээ болгондор келечекте турак жай курса, чакан айылыбыз этно шаарчага айланат», - деди район акими Каныбек Адиев.
Түп районуна караштуу Каркыра айылы Казакстан менен чектешет. Каркыра айылы Түп районунун борборунан 70 чакырым алыста, күн чыгыштан орун алган. Айылда кыш мезгили 9 айга чейин созулат жана 1,5 метр кар түшөт.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын декабрь айында Каркыра тоо лыжа базасынын курулушуна капсула салган.
«Эко город Каркыра» ЖЧКсы алдыда ижарага алынган аймакка тоо лыжа базаны курууга жалпы 191 миллион 653 миң АКШ долларын түзүп, 6 этапта жүргүзөрү күтүлүп жаткан. Анын алкагында трассанын жалпы аянты 100 км 700 метр, канаддык аркан жол 20,7 чакырымды камтыйт.
Экологиялык талаптар боюнча жыгач, темир бетон камтылган модулдук курулуш жүргүзүлөт.
Инвесторлордун бири (тең инвестор) Аркадий Зиновьевич Чернов да капсула салуу аземине катышты.
Ачык булактардагы маалымат боюнча, Чернов «Тринити — келечектин шаары» аймактык өнүктүрүү ассоциациясынын президенти болуп саналат.
-------------------------------------------------------------
Буга чейин Каркыра айыл аймагынын башчысы Рустам Черикбаев тоо лыжа базасынын курулушу башталарын билдирген.
«Мында Каркыра айыл аймагынын 800 гектар жайыт жери (асма жолду эсепке алганда) 5 жылга ижарага берилди. Мындан сырткары Ысык-Көл жана Балбай айыл аймагына тийиштүү жайыт жерлер да кошулуп жатат. Долбоорго ылайык, Каркыра жайлоосуна конок үйлөр курулуп, лыжа база үчүн канаддык жолдор салынат. Ошондой эле жайлоодо жайгашкан үйлөрдүн сырты жылууланып, бир түскө келтирилет. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар үчүн оорукана курулат.
Иш баштоодон мурда жашоочулар менен бир нече жыйын өткөрдүк. Анда тоо лыжа базасы жайыт жерлерге эч кандай зыян алып келбейт. Жайкысын кадимкидей эле мал жайылса, кышкысын чабандар көчүп кеткенде, тоо лыжа базасы өз жумушун улантат.
Негизи Каркыра жайлоосунун келечеги бар. Октябрдан апрель айына чейин кар түшүп, кыш болот. Алдыда долбоор ишке ашса, Түп районунда кышкы туризм өнүгүп, айылдагы жумуш орундар камсыз болуп, айыл өкмөт дотациядан чыкмак», - деген Черикбаев.