Turmush — ЖЧК «Инмобайлс» компаниясы эл өкүлү Дастан Бекешевдин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган мобилдик аппараттарды жана контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) каттоодон өткөрүү боюнча билдирүүсүнө жооп берип, айтылган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
Мобилдик аппараттарды жана кассалык машиналарды (ККМ) каттоо
Өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууга жана ички тартипти сактоого багытталган мобилдик түзүлүштөрдүн (анын ичинде контролдук-кассалык аппараттардын) IMEI коддорун каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-октябрындагы №615 токтомуна ылайык өзүнчө тартипте жүргүзүлөт.
Каттоо процесси жөнөкөйлөштүрүлүп, системанын ээси катары мамлекеттик органдар, анын ичинде Салык кызматы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен буга чейин иштелип чыккан. Мамлекеттик деңгээлде колдонулган бардык аппараттар акысыз катталат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, контролдук-кассалык машиналарды жеткирүүчүлөр, Салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо жол-жобосун билишет. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат базасынын ээси катары мындай кайрылууларга ыкчам жооп берип, бул процессти кылдаттык менен көзөмөлдөп турат.
ЖЧК «Инмобайлс» компаниясы
Эл өкүлүнүн билдирүүсүндө уюлдук аппараттарды каттоого чет элдик компаниянын тиешеси бар экени айтылат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. ЖЧК «Инмобайлс» Кыргыз Республикасында катталган компания, КР СРНОС тун МЦР тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш алып барат. Компаниянын чет өлкөлүк катышуусу бар, бирок «Инмобайлс» эл аралык InMobiles уюмунун жергиликтүү өкүлү катары иш алып барат, ал өзүнүн системаларын башка бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырган жана байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо жаатында патенттерге ээ. Белгилей кетсек, «Инмобайлс» Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон уруксат жана лицензияларга ээ жана өз ишмердүүлүгүн толугу менен мыйзам чегинде жүргүзөт.
Салык чегерүүлөрү
Компаниянын жетишсиз делген салык төлөмдөрү жөнүндө маалымат жараксыз. «Инмобайлс» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык салыктарды өз убагында жана толук төлөйт. Компания мамлекеттик долбоордун катышуучусу болуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга анын ишинин толук ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Компаниянын мамлекет алдындагы бардык финансылык милдеттенмелери өз убагында жана толук көлөмдө аткарылып жатканын тастыктайбыз, бул экономикалык туруктуулукту өнүктүрүүгө жана салык институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
МИС менен иштөө жана консультация берүү
Аппаратты каттоо www.imei.kg расмий сайты аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлүп, бардык процесстер толугу менен санариптештирилген. Аппараттарды каттоо үчүн колдонуучулардын жеке катышуусунун кажети жок жана компаниянын физикалык дареги коопсуздук максатында ачыкка чыгарылбайт. Мындан тышкары, телефондорду каттоо боюнча консультациялар күнү-түнү колдоо борборлору аркылуу берилет жана ошондой эле О!, Beeline жана Mega уюлдук операторлорунун кеңселеринде жеткиликтүү.
Калктын ыңгайлуулугу үчүн МИС төмөнкү даректер боюнча аппаратты каттоо боюнча жеке консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет:
• Бишкек ш., «ЦУМ-1» соода борбору, 6-кабат, С-3а бөлүмү
• Бишкек ш., Берекет-Гранд соода борбору, 1-кабат, бөлүм 100/1
МИС колдоо борборуна бардык чалуулар акысыз жана маалымат расмий байланыш каналдары аркылуу берилет:
• MegaCom абоненттери: +996 997 550055
• Beeline абоненттери: +996 223 550055
• «О!» абоненттери: +996 505 533000
«Инмобайлс» компаниясы уюлдук аппараттар рыногунда коопсуздукту камсыз кылуу жана бардык процесстердин ачыктыгын кепилдөө менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишин улантууда.
Кененирээк www.imei.kg сайтында