Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Долон көлүнө муз тоңуп, тургундар муз тээп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 3,4 күндөн бери коньки тээп жатышат.
«Түп районунун Долон айылындагы жайгашкан Долон көлүнүн жээктерине муз тоңуп 3,4 күндөн бери коньки тебип жатышат. Орто жагына кичине калың болгондо барышат. Атайын текшерүүдөн өтүп анан уруксат беришет. Негизи ноябрь айынын акырында тоңуп баштап, март айына чейин тоңот. Декабрдын ортолорунда муз доору башталат. Долон көлү 190 гектар жерди ээлейт. Жакында хоккей оюндары да башталат», - деди тургундар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.