Turmush — Бүгүн, 20-ноябрда Казакстандын И.Алтынсарин атындагы Аркалык педагогикалык институтунун өкүлдөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту.
Окуу жайдын маалыматына караганда, коноктор — Аркалык педагогикалык институтунун ректору, профессор Ержан Амирбек уулу, аталган окуу жайдын илимий иштер жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Жанар Байсеитова алгач ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болушту.
Жолугушууда Аркалык педагогикалык институтунун ректору Ержан Амирбек уулу өз окуу жайы тууралуу маалымат берип, окуу жай менен билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Бул менен бирге Ержан Амирбек уулу ОшМПУдан бир профессорду аларга жөнөтүү сунушун берди. Анын жол акы, чыгымдарын жана айлык маяналарын төлөп беришет.
Ошол эле учурда студенттерин ОшМПУга жөнөтүп, алар да окуу жайдын студенттерин академиялык мобилдүүлүккө кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.
Жолугушуудан соң коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу жайды көрүп чыгышты.