Turmush — Казак тарыхчысы Ахмет Токтобай Казакстанда кыргыздын Теке баатырынын мүрзөсү бар экендигин Кочкорго болгон иш сапарында аймактык кабарчыга билдирди. Ал Казакстандагы кыргыз издерин иликтеп жүрөт.
Монголияда 50 түтүн кыргыз бар
Мен Казакстанда жана башка жерлерде кыргыз, казак баатырлары коюлган мазарларды, мүрзөлөрдү иликтеп жүрөм. Монголияда болгондо Баян-Улгий аймагында 150 түтүн казак эли бар экен. Ошолордун арасында өздөрүн “кыргызбыз” деген элди көрдүм. Болжолу кыргыздар 50 түтүндөй болот экен.
----------------------------------------------------------
Буга чейин Turmush Монголияда жашаган кыргыздар жөнүндө жазган.
Өзүн моңголиялык кыргыз-казак деп атаган Бейсен Булан Turmush басылмасынын кабарчысына телефон (казакча, түркчө, моңголчо сүйлөп, кыргызча сөздөрдү түшүнөт) аркылуу байланышканда дагы Баян-Улгий аймагындагы кыргыздар казак улуту катары каттоого алынып, Кыргыз Республикасы тарабынан такыр унутта калганын белгилеген. Муну Кыргызстандан бир да тарыхчы моңголиялык кыргыздар тууралуу толук кандуу илимий иштер менен алектенбегени да далилдеп турат.
Жайлоодо кой катарып жүргөн адамдан "улутуңуз ким болот?" деп сурасак, "кыргыз болот" деп жооп берди. Ошол чөлкөмдө жашаган эл өздөрүн кыргызбыз деп атап жатканы маанилүү.
Монголиядагы кыргыздардын санжырасы Токтомамбет (Курман) деген кишиден башталат. Ал кайсы бир себептерден улам болжолдуу түрдө азыркы Монголия-Кытай-Россия-Казакстандын чек арасы бириккен жерге 15-16-кылымдарда качып барган.
----------------------------------------------------------
Бул жерде кыргыздын Теке баатыры коюлган
Казак жеринде кыргыздын баатырлары коюлган жерлер кездешет. Алсак Нарынкол ооданында кыргыздын Теке баатырынын бейити бар.
Бир аз жыл мурда жол салып жатканда ошол Теке баатырдын мүрзөсүнүн үстүнөн жол алып өтүүгө туура келет. Мүрзөсү кичинекей үйүлгөн топурак болуп бара жаткан. Ошол кезде казактын аксакалдары, карыялары келип, "Бул жерде кыргыздын Теке баатыры, касиетүү адам коюлган. Мунун топурагын козгоого болбойт" дешет. Ошентип жолду айландырып салып өтүштү. Азыр мүрзөсү сакталып калды.
Аймактык кабарчы Теке баатыр ким экенине кызыгып, иликтөө жүргүзүп көрдү. Кыргызда Теке ысымдуу баатырлар көп.
Манас эпосунда кездешкен Теке баатыр
Теке Манас эпосундагы баатыр Сыргактын өз аты Теке (айрым варианттарда Бердибек) болот. Адабияттарда “сыргак” деген сөздүн мааниси алгыр куштардын кырааны болгон шумкардын бир түрү. Анын ичинен сөөк сыргак, аяк сыргак деп бөлүнөт. Экинчиси тоо жактан соккон желдин аты.
Ошондой жоого кыргыйдай [кыргый алгыр куштардын бир түрү] тийип, ар ишке барууга даяр тургандан Теке аты өчүп, Сыргак аталып калыптыр. Сыргак (Теке) Манастын жакын тууганы.
Жусуп Мамайдын варианты боюнча Сыргак Манас менен аталаш бир тууган, башкача айтканда, Жакыптын Магдым деген аялынан төрөлөт. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Жакып менен бир тууган Улаккан дегендин уулу болот. Манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда, Үрүмчү шаарынан 160 чакырым аралыкта Кулжа тарапка баратканда Манас, андан 40 чакырым аралыкта Куту-Бий, Санжы деген шаарлар бар. Алмамбет Сыргак баатыр согушта кайтыш болгондо алып чыгып, Куту-Бий шаарындагы Бикиртик деген жерге коюптур. Демек, бул Теке эмес.
Тайлак баатырдын чоролорунун бири болгон Теке баатыр
Теке ысымдуу баатырлардын бири кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Чоро саягынан чыккан Тайлак Ырыскул уулунун чоролорунун курамында кездешет.
Тайлактын Бөбөтөй, Акбалбан, Токочор, Дербиш, Кулчун, Чомой, Кемпир, Адыл, Бердибек, Теке, Коной, Ноорузбай, Алдаяр, Абаскан, Кербенбай, Байкалмак, Чомон, Жабыке, Шургуй жана башка баатырлары болгон. Бирок, Тайлактын баатыр жигити Текенин тек жайы тууралуу маалыматтар жок.
Манастын күмбөзүнө кароолчу болгон Теке баатыр
Теке баатырдын өз аты Нураалы Эрке уулу (1886-1964) Талас районунун Кырк-Казык айылында туулган. Атактуу найзакер. Эң алгачкы жолу эр сайышка 17 жашында түшүп, найза кармоодо өзүнүн ыкмасы болгон.
Теке баатыр өз уруусу саруулардын гана эмес, жалпы кыргыз журтунун намысын коргоп, чоң салтанаттарда, аш-тойлордо бардыгы 37 жолу сайышка түшүп, жеңишке жеткен. Өзгөчө, Казак жергесинде өткөрүлгөн эр сайыштарга көп катышыптыр.
Кийин Теке баатыр Манастын күмбөзүн кайтарып, күмбөздүн уранды кирпичтерин кынаптап тизип, күмбөздүн тегерегин тазалап турчу экен. 1944-жылы Талас райондук аткаруу комитетинин чечими менен Манастын күмбөзүн коргоо максатында кароолчулук кызмат орду ачылып, ал милдетти Теке баатырга жүктөшкөн. Теке баатыр үй-жай күтпөй күмбөзгө конуп-түнөп өмүрүн өткөргөн дешет. Теке баатырдан тукум калбаган деп айтышат. Талас районундагы Кырк-Казык айылында дүйнөдөн кайтыптыр.
Жайыл баатырдын уулу Теке баатыр
Теке Жайыл уулу деген болуптур. Атасы Жайыл Коңурбай уулу (болжол менен 1703-1705-жылдар). Кыргыздын солто уруусунан чыккан баатыр. Талкан бийдин небереси. Жаш чагында эле атасынан ажырап, Кошой бийдин колунда чоңоёт. Жайылдын жубан алган аялынан Асан, Үсөн, Теке туулат. Итикенин энеси бөлөк, аты Айкан. Бакы, Багышан да Кетмен-Төбөдө өлгөн. Бакыдан калган жеңесин алып, андан Байбектин тукумдары таралат. 1755-жылы Кошой өлгөндөн кийин бийлик негизинен Жайыл баатырга өтөт.
Казактын Аблай ханы кыргыздарга 30 миңден ашык кол менен аттанган. Алар кыргыздарга Мерки тарабынан кол салат. Таластагы Капканын оозун алагөз кабадан чыккан Эр Садыр тосот. Кыргыздарга Жайыл баатыр жалпы кол башчылык кылат. Ал кезде Мерки бүт бойдон Талас менен Көкчө деңизге чейин кыргыздын жери болгон экен. Кыргыздар колу аз болгондуктан улам чегинип жүрүп отурушкан.
Үч жолу чоң беттешүү болот. Меркиде, Жыламышта, анан азыркы Канттын үстүндөгү Жайылманын түзүндө болгон. Жайылма деген жердин аты «Жайыл майданы» деген сөздөн кыскартылып алынган.
Кыргыздын аялдары, кыздары да чачтарын түйүп алып, Аблай хага каршы согушкан. Чал кемпирлерди, жаш балдарды тоонун кокту-колотторуна катып коюшкан. Мына ошондо алсыраган, кансыраган жигиттер качып чегинип отуруп, Нооруз суусунун башына жеткенде кула байталды минип, Жайылдын байбичеси Темиржан көрүнөт. Качып келаткан алсыраган эрлерге кыйкырып, «Мына бул жерден өтсөңөр аялсыңар, жоонун найзасы далыңарга тийбей көкүрөгүңөргө кадалсын» деп өзү кошо согушка кирет. Мына ошондо көкүрөгүнө найза кадалып, кыргыз жоокерлери дээрлик кырылыптыр. Тирүү калгандары: Жайыл өзү, Үсөн, Теке, Итике болуп туткунга түшүшкөн.
Аблай хан туткун эрлерди жазалоонун алдында Жайылга Жоогач баатырды жиберип, 3 уулунун ичинен бирөөсүнүн канын кечтим. Кимисин куткарайын деген экен. Анда Жайыл баатыр 3 yyлунa "өзүңөр бир чечимге келгиле" деп өтүнөт. Теке менен Үсөн "Итике жаш, он үчтө, үйлөнө элек. Бизден тукум калды" дешкенде, Жайыл баатыр 2 уулуна ыраазы болуп, өзү жасоолдордун алдына басып барып, айбалтага моюнун тоскону айтылат.
Үсөн, Теке, Жайыл баатырдын сөөгү Меркидеги кара жолдун үстүндөгү дөбөгө коюлуп, күмбөз салынган. Жайыл баатырдын мүрзөсү азыр да бар дешет. Текенин мүрзөсү бар экени белгисиз.
Тоң районунан чыккан Теке баатыр
Теке Жайыл уулу Тоң районундагы Дөң-Талаа айылынан. Саяктын Алакөз Кабаа уруусунан. Баатыркан Ырайымбек уулунун жигиттеринин башчысы, баатыр адам болгон. Далай жортуулдарда болгон.
1916-жылы Баатыркан Ырайымбек уулу улуттук көтөрүлүштүн башчысы, хан болуп шайланганда жазалоочу отрядарга каршы күрөшкөн. Ошол боштондук күрөшүндө ок жаңылып өлгөн.
Анын уулу Иманбек Текеев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы соту болгон. Кийин Сталиндик репрессияга кабылып, эң жогорку жаза — атуу өкүмү чыккан. Кийин жаза алмашылып, Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүлүп, уруш майданында курман болгон.
Келечекти алдын ала көрө билген Теке баатыр
Көкчө уулу Теке баатыр Арык тукумунун Сарыке уруусунан чыккан. Көкчөдөн Теке, Өмүрзак деген 2 уул болот.
Теке көчмөн жоокерчилик заманда өз жигиттери менен чек араны кайтарып, кытай-калмак душмандардан эл жерди коргогон баатыр болуп чыгат. Анын кайсы жерде, кайсы жылы төрөлгөнү белгисиз. Болжол менен ХVlll кылымдын аягында XlX кылымдын башында өмүр сүргөн. Ал баатырлыктан сырткары адамдын келечегин алдын ала билген олуя да болгон экен. Ал жөнүндө эл оозунда:
Кыргыздан чыккан экен Теке баатыр,
Сан балбанды сапырып, жер каптырган.
Зоот шайман, баатырыңдын колдо чокмор,
Нечендеген душмандын үшүн алган....деп даңазалаган ырлар айтылат.
Сөөгү Казакстандын Каркыра чөлкөмүнүн Чөл-Адыр деген жерине коюлган.
Каракол айылынын тургуну санжырачы Сапарбек Супатаев казак тарыхчысы Ахмет Токтобай айткан Теке баатыр, Көкчө уулу Теке экенин айтты. Анын мүрзөсү Казакстанда экенин, азыр да элдер зыярат кылышкан касиеттүү жай болуп калганын билдирди.
Санжырачы Максат Боронбай уулу да Теке Көкчө уулу Арык тукумунун Сарыке уулунан чыккан баатыр экенин сөөгү казак жеринде экенин айтат.
Теке баатырдын Борбодой, Өтөй, Эшимбек, Бегиш деген 5 уулду болуп, андан тараган урпактары Арык тукумунун Сарыке уруусунун ичинде жашап турушат.
Теке Көкчө уулунун урпактары 2015-жылы Каракол—Түп чоң жолунун боюна, Түп, Ак-Суу районунун чек арасына баатырдын айкелин орнотушкан.
Демек, казак тарыхчысы Ахмет Токтобай айткан Теке баатырдын мүрзөсү Теке Көкчө уулуна таандык болуп чыкты.
Даярдаган Майрамбек Деркенбаев