Turmush — Чүй районунун Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылынын тургуну Таалай Шүкүров 34 жылдан бери тайган багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал 1980-жылы 28-февралда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 3 уулдун атасы.
«Тайгандарды 10 жашымдан баштап кызыгып, багып баштадым. Аскат деген раматылык бир байкебиз бар эле ал киши тайган бакчу. Анын тайгандарынын түлкү кармагандарын көрүп кызыкчумун. Ал кезде түлкү да аябай көп болчу.
Учурда 9 тайган бар. Анын үчөө эркек, үчөө ургаачы, үч күчүк бар (7-8 айлык). Көбүнчө аңчылыкка ээрчитем. Мелдештерден тазалыкка алып барып, байгелүү орундарга илинип жүрөбүз. Кыргыз тайганчылардын башын бириктирип "Кумайык" федерациясын ачканбыз. Мен федерациянын башкы машыктыруучусу болом.
Жыл сайын «Мерген-Фест» өткөрүп жатабыз. Бул жолку фестивалга 7 облустан катышып, Кытай, Америка, Австралиядан бери коноктор келишти. Максатыбыз кыргыз тайгандарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарсак дейм. Кыргыз тайганын дүйнөдө порода катары эч ким тааныбайт экен. Ошону таанытып, жайылтсак деген чоң ой-мүдөөбүз бар. Президентибиз бул багытта жардам берсе дүйнөлүк оюндарга чыгабыз», - деди ал.
Ал 12 жашында карышкырды көргөнүн айтат.
«Биздин айыл тоого жакын болгондуктан мал-чарба, мергенчилик жашоо менен байланыштуу. Бул тармакта бала кезимден эле аралашып чоңойдум. 12 жашымда карышкырды биринчи жолу көргөм. Ал убакта тайган жок болчу.
Өзүмдүн тайгандарым 5 карышкыр кармады. Экөө жапайы, үчөө үйрөтүлгөн. Ал эми чөөгө жүздөп кармашты. Азыркы убакта бизде чөө аябай көбөйүп кетти», - деди Таалай Шүкүров.