Turmush — Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн «Түрк элдеринин мыкты студенти» эл аралык сынагында Ош технологиялык университетинин студенти алдыңкы орунду багындырды.
Окуу жайдын маалыматына караганда, ал — энергетика жана транспорт институтунун ЭиЭТ-22 тайпасынын студенти Ибрагим Абдураимов.
Университеттин жамааты студентти ийгилиги менен куттуктады.