Turmush — Казакстандын Алмата шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде 1-ноябрда Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммити башталды.
Ага катышып жаткан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Мамлекеттик органдардын, академиялык жана бизнес-коомчулуктардын интеграциясы аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн инновациялык ыкма катары: ОшМУнун тажрыйбасы» деген темада баяндама жасады. Баяндамада классикалык университеттерди улуттук изилдөөчү окуу жайларга жана төртүнчү муундагы университеттерге трансформациялоо багытында ОшМУдагы жасалып жаткан иштер, тажрыйбалар камтылган.
Аталган саммит ушул жылдын 5-7-ноябрында Кытайдын Макао шаарында, 8-ноябрда Гонконгдогу Лингнан унивеситетинде өтөт.
ОшМУ 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде «төрт жылдыздуу университеттердин» катарына кирген.