Turmush — Бүгүн, 1-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде А.С.Пушкин атындагы Кыргыз-Россия эл аралык билим жана кеңеш берүү борбору ачылды.
Салтанаттуу иш-чарада Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Авраам мындай борборлорду эмне себептен ачуу керектигине токтолду.
«Кошумча билим берүү жана орус тилдерин үйрөтүү борбору Орусия кызматташтыгы менен биргеликте түзүлдү. Бул түзүлгөн борборубуз ОшМПУга өткөрүп берилди. Бул жерде студенттерге орус тилин үйрөтүү, ошону менен бирге Орусиянын маданиятын таанытуу максатында ачылды. Ошондой эле Орусиянын жогорку окуу жайлары менен онлайн конференциялар уюштурулуп, мастер-класстар өтүлүп турат. Бул демилгенин максаты — педагогика тармагындагы мыкты кадрларды алып чыгуу. ОшМПУ түштүк регионундагы педагогика тармагындагы адистерди даярдоо боюнча жалгыз окуу жай. Ошондуктан Кыргызстанда сапаттуу, билимдүү мугалимдер болуусу керек. Мен ойлойм, ачылган окуу борбор бул нерселерге өзүнүн салымын кошот. Себеби билим бул — биздин келечек», - деди Дмитрий Аврам.
Бул долбоордун артыкчылыктарын жана кандай шарттар түзүлгөнүн орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Рахима Караева айтып берди.
«Биздин окуу жайга ушундай борборду ачып бергендиги үчүн жетекчилерибизге, ректоратка, ошондой эле биз менен көп жылдан бери кызматташып келе жаткан Орусия кызматташтыгына, Россиянын башкы консулдугуна ыраазычылык билдиребиз. Биздин окуу жайга алыскы райондордон келген студенттер бар. Ошол жактагы мектептерде мугалимдерге муктаж болгондор өтө көп. Ошол үчүн биз ар бир күчүбүздү жакшы окутуучу даярдаганга жумшайбыз. Бул борбор өтө чоң жардам берет деп ойлойм. Кандай жактан жардамы тийиши мүмкүн? Китептерди камсыздоо жактан, эмнеге дегенде эскирип калган китерибиз бар. Жаңылар деле бар, бирок жетишсиз. Ушул маселе бизде чоң көйгөй жаратып турган эле. Ошол себептен мындай байланыштар жакшы таасирин тийгизип жатат. Аны менен бирге материалдык-техникалык базабызды күчөтүп да алып жатабыз», - деди Караева.
ОшМПУнун 1-курсунун студенти Умая Ташбекованын айтымында, долбоор түзүп берген шарттар көпчүлүк студенттерге жеңилдик болууда.
«Мага биздин аудитория аябай жакты. Анткени бардык тарабы жаңы техника менен камтылган. Такта, сыналгы орнотулган. Ошондой эле отуруучу эмеректери да жакты. Сабактардын тематикасына карап жылдырып, алмаштырып отурса болот экен. Мисалы, тайпалык тапшырмалар болуп калса бириктирип, тапшырмаларды аткарууга жеңил болот. Ошондой эле тыныгуу учурунда жумшак эмеректерде отуруп эс алууга мүмкүн. Бизге ушундай шарттарды түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. Буга чейин деле жакшы шарттар бар болчу. Эми заманбап канаалардын бири болуп калды десем болот», - деди Ташбекова.