Turmush — Ош технологиялык университетинде магистранттар үчүн «Коммуникациялык менеджмент жана уюмдардын башкаруу стратегиясында анын ролу» деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинар окуу жайдын энергетика жана транспорт институтунун электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы кафедрасы тарабынан уюштурулду. Аталган иш-чарага кафедранын окутуучулары, электр энергетикасы жана электр техникасы багытынын электр энергетикасындагы менеджмент профили боюнча окуган магистранттар жана магистратура бөлүмү катышты.
Иш-чара магистранттардын коммуникациялык менеджмент боюнча жана анын электр энергетикалык ишканалардын башкаруу стратегиясындагы ролу боюнча назарият (теория) жана тажрыйба менен айкалыштырып, аны иш жүзүндө колдонуу максатында уюштурулган. Семинарда коммуникациялык менеджменттин электр энергетикалык ишканалардын ишиндеги жана башкаруусундагы ролу, анын колдонуунун усулдары боюнча кафедранын доценти Жалил Кулуевди баяндамасы угулду.