Turmush — Ош технологиялык университетинде Хэллоуин майрамы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, майрамдык иш-чара Америка маалыматтык ресурстук борбору, дүйнөлүк тилдер кафедрасы жана компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты.
Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, алардын англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, башка элдин маданиятын, каада-салтын терең өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Жыйынтыгында катышуучулардын актёрдук чеберчилиги бааланып, грамота жана баалуу белектер берилди.
Бул майрам негизинен Америка Кошмо Штаттарында майрамдалып келет.