Turmush — Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун Ноокат шаарындагы төрт тилкелүү унаа жолдун ачылыш аземи өтүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ноокат райондук администрациясынын жетекчилиги, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаров боюнча да айтты.
«Президентке "сен кимсиң?" деген сөз айтып чыгыптыр. Президентибизди, мамлекетибиздин башчысын сыйлай албасак, кандай эл болдук? Мамлекетибиздин башчысы күнү-түнү элим-жерим деп иштеп жаткан болсо, анан биз аны "сен кимсиң?" деп тоготпой, бетине ушинтип сүйлөп жатсак, биз кандай эл болдук? Ошондой тартипсиздердин баарын жоопко тартышыбыз керек. Аларга президенттин ким экенин, президенттин элге кантип кызмат кылып жатканын, президенттин эл үчүн жан үрөп, чуркап иштеп жатканын көрсөтүп коюшубуз керек. Ошол киши тилинин азабын тартат дагы. Эл алдында ачык айтам, эч качан бирөөнүн артына бекинип алып айткан эмесмин. Мадумаров тилинин азабын тартат. Мына, тилинин азабын тартып жүрүп, депутаттыктан да кетти. Тилинин азабын тартып жүрүп, элден дагы чыкты. Эми дагы асылып жатат. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн тилибизге, айткан сөзүңө ээ болуп, жооп беришиң керек. Мына ошондо гана өсүп-өнүгөбүз», - деди Ташиев.
------------------------------------------------------
Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине гимн тууралуу пикирин билдирип жатып, Адахан Мадумаров жөнүндө да сөз кылган.
Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасынын гимнди өзгөртүү тууралуу оюн ал өзүнүн пикири эмес деп, тарыхка карата чыккынчылык катары баалаганы айтылып, өлкө башчы буга комментарий берген.
«Адахан байкуш алжып калган. Ага көңүл бурбай эле койгула. Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес дешет.
Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен комиссар болуп иштеп турганымда «Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин ээрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. Өлкөнүн эң башкы идеологу эле да. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып, столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң, балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек деген.
Мен «ии ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз, ушунун баарын байкаган» деп мактап коюп, кете бергем. Анысын унутуп калса керек, бечара.
Анысын коёлу, кечээ жакында эле «курултайсыз өнүгө албайбыз, курултай бизге аба менен суудай керек» деп сүйлөп жүргөн сөзүн бүгүн унутуп калып, курултайга каршы чыгып жүрбөйбү», - деген президент.