Turmush — Бүгүн, 30-октябрда Ош технологиялык университетине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова келип, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча таанышып чыкты.
Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө төрайым окуу жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугуп, аларды кызыктырган суроолоруна жооп берди. Мындан тышкары быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү белгиленип, үстүбүздөгү жылы өтө турган шайлоо админстративдик-аймактык реформанын алгачкы жемиши боло турганын айтып, жарандар өз укуктарын пайдаланып, шайлоого кайдыгер карабай өлкөнүн келечегин тандоого чакырды.
Ал өз сөзүндө шайлоонун жыйынтыгы эч качан бурмаланбай турганын, добуш берүүнүн купуялуулугу кепилденерин, шайлоо процесси түз алып берүү менен БШКда жана тиешелүү сайттарда көрсөтүлөрүн айтты.
Мындан тышкары иш-чарага «Кыргызстан жаштар кыймылы» бирикмесинин төрагасы Беканазаров Жакшылык жана блогер Азирет Осмонов конок болуп келишти.
2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланат. Ал эми 17-октябрда үгүт кампаниясы башталган.
Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган.
Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды.